Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Алмазбек Бейшеналиев медициналык жогорку окуу жайлардын ректорлоруна бир катар протоколдук тапшырмаларды берди

Көрүлдү: 2540

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык адистерди даярдоо программаларын ишке ашырган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында өттү. Кеңешмеге министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова да катышты.

post.title

Катышуучулар Кыргыз Республикасындагы жогорку медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында министр жогорку окуу жайлардын ректорлоруна 2022-жылдын 15-июнуна чейин:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү № 6 формага байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү боюнча чара көрүү;

- 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөгү эл аралык программалык аккредитациядан өтүүнү камсыздоо;

- окутуучулардын 1,75 ставкадан ашпоого тийиш болгон окуу жүгү боюнча талаптардын аткарылышын камсыз кылуу;

- профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүгү тууралуу маалыматтарды Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгына берүү;

- жогорку окуу жайды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүү;

- алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин окуу акысынын өлчөмүн жылына 3000 АКШ долларынан кем эмес кылуу боюнча чара көрүү; 

- китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоо;

- профессордук-окутуучулук курамдын төмөнкүдөй деңгээлде англис тилин милдеттүү түрдө билүүсүн камсыз кылуу талаптары коюлду:

TOEFL IBT – 55 балл;

TOEFL ITP – 460 балл;

TOEFL Essentials – 5 балл;

TOEIC Reading and listening – 550 балл;

TOEIC Speaking and Writing – 240 балл;

IELTS – 5.5 балл.

Медициналык жогорку окуу жайлар жогоруда көрсөтүлгөн протоколдук тапшырмаларды аткарбаган учурда кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуушат.

Ушул тапта Кыргызстанда медициналык адистерди даярдоо программаларын ишке ашырган 23 жогорку окуу жай иштеп жатат, алардын 6 – мамлекеттик жогорку окуу жайлар, 17 – мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар