Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
А. Бейшеналиев: “Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет”

Көрүлдү: 1946

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кеңешме өткөрдү.

post.title

Кеңешменин жүрүшүндө А. Бейшеналиев жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлиндеги реформаларды ишке ашыруу жолдору, механимдери боюнча министрликтин позициясын билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын 5 жогорку окуу жайы 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек, бул үчүн 5 университеттин өзгөчө статусу бекитилет, аларга экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет, ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Инновациялык долбоорлордун толук жашоо циклин ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген министр: «Университеттер билим берүү багытын гана өнүктүрбөстөн, өз ишмердүүлүгүнө илимди, ишкердикти жана өндүрүштү, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну да камтышы керек», – деп кошумчалады.

Ошону менен катар А. Бейшеналиев ресурстарды топтоо үчүн жогорку окуу жайларды ирилештирүү мерчемделип жатканын билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар