Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Алмазбек Бейшеналиев: «Билим берүү моделинин борборунда бала, окуучу, студент болот»

Көрүлдү: 1364

2022-жылдын 4-апрелинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында өлкөнүн билим берүү жана илим системасын жаңылоо боюнча демилгелер тууралуу баяндамасын тартуулады.

post.title

Министр жыйындын катышуучуларынын назарын туруктуу демографиялык өсүшкө бурду. «БУУнун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда акыркы 74 жылдагы калктын максималдуу өсүшү күтүлүүдө. Анын натыйжасында 2028-жылдан тартып бала бакчалардын, ал эми 2032-жылдан тартып мектептердин жүгү оорлойт», – деди ал.

Билим жана илим ɵнүгүүнүн булагы экенин белгилеген министр адамдык потенциалды өнүктүрүүнүн 3 деңгээлин (мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги, мектептеги жана кесиптик окуу жайдагы) атап көрсөттү. Андан соң мазмунду модернизациялоо, системаны башкаруу милдеттерин жана методдорун белгиледи.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, А. Бейшеналиев билим берүү моделинин борборунда бала, окуучу, студент болорун белгилеп, ар бир баланын дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн баалап, анын дүйнөсүн өнүктүрүүгө бардык күч-аракет жумшаларын убада кылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар