Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Кесиптик лицейдин “Келечек” багына жүздөгөн көчөттөр отургузулду

Көрүлдү: 1225

2022-жылдын 2-апрелинде Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин “Келечек” багында 300 көчөт отургузулду.

post.title

“Өз багыңды отургуз” акциясынын алкагында уюштурулган бул иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрликтин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов, министрликтин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев, ошондой эле кесиптик лицейлердин мугалимдери жана окуучулары катышышты.  

Ишембиликтин катышуучулары аталган кесиптик лицейдин карамагындагы 1 гектар жерге 300 көчөт – алманын, алмуруттун, кара өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.

Министр А. Бейшеналиев ушул күнү маңдай терин төгүп, аймактын экологиясын жакшыртууга салымын кошкон ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирип, каалоо-тилегин жолдоду.

Бул иш-чара жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө, ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагынын экологиясын жакшыртуу, жаңы жашыл зоналарды түзүү максатында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар