Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Кыргызстандын билим берүү жана илим министри менен Өзбекстандын эл агартуу министри Маргун айылындагы мектептин жаңы имаратын ачышты

Көрүлдү: 1381

2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Өзбекстан Республикасынын эл агартуу министри Бахтиёр Саидов Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектептин жаңы имаратын ачышты.

post.title

Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун катышуусунда болуп өттү. Эки мамлекеттин өкмөт башчылары видео-конференц-байланыш  режиминде салтанаттуу жыйындын катышуучуларын куттукташты. Андан соң министрлер Алмазбек Бейшеналиев менен Бахтиёр Саидов жаңы имараттын лентасын чогуу кесишти. Конокторго мектепти кыдырып көрүп чыгышкандан кийин окуучулардын концерттик программасы тартууланды.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 40 мугалим иштеп, 559 окуучу билим алып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, өзбек тарап өз каражаттарынын эсебинен Лейлек районунун Маргун айылында жана Баткен районунун Самаркандек айылында жалпы билим берүүчү мектептерди куруп жана жабдып берүүнү убадалаган.

330 орундуу жаңы имараттын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Жаңы үч кабаттуу имаратта 16 окуу классы, 140 орундуу конференц-зал, 60 орундуу ашкана, спорт зал, музыка, сүрөт тартуу, баштапкы аскердик даярдык сабактары үчүн кабинеттер, физика жана химия боюнча сабактар үчүн лабораториялар, эмгек сабагы үчүн өнөркана, тигүүчүлүк жана кондитердик кабинеттер, 2 медициналык кабинет, психолог үчүн кабинет жайгашкан.  

Имараттын жалпы сметалык баасы 3,5 млн АКШ долларын түзгөн. Курулушту Өзбекстан Республикасы каржылаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар