Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Маргун айылында мектептин жаңы имаратынын ачылышы болот

Көрүлдү: 1487

2022-жылдын 1-апрелинде 12.30дан 14.00гө чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылында Мурзабек Баетов атындагы Орто мектептин жаңы имаратынын ачылышы болот.

post.title

Аземге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Өзбекстан Республикасынын эл агартуу министри Бахтиёр Саидов, ошондой эле жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышат.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, өзбек тарап өз каражаттарынын эсебинен Баткен облусунда жалпы билим берүүчү мектептерди куруп, жабдып жана объектти кыргыз тараптын менчигине акысыз өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бул келишимдерди ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап Лейлек районунун Маргун айылынан жана Баткен районунун Самаркандек айылынан жер бөлүп берген.

330 орундуу жаңы имараттын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Имараттын жалпы сметалык баасы 3,5 млн АКШ долларын түзгөн. Аны Өзбекстан Республикасы каржылаган. Курулуш иштерине жергиликтүү элден жана Өзбекстандын жарандарынан 100 киши тартылган.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 40 мугалим иштеп, 559 окуучу билим алып жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар