Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Министр Алмазбек Бейшеналиевдин Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Көрүлдү: 1119

Ардактуу апалар, кымбаттуу эже-карындаштар, Сиздерди Эл аралык аялдар күнү менен чын дилден куттуктайм! Сиздер миңдеген жылдар бою “Ааламдын көркү – аялзат” экенине баарыбызды муютуп, эл-жерибизге аруулук менен назиктиктин, сезимталдык менен боорукерликтин, кеменгерлик менен сабырдуулуктун, мээнеткечтик менен жаратмандыктын үрөнүн сээп келесиздер.

post.title

Бүгүн сиздер өлкөбүздүн билим, илим тармагынын оор жүгүн артынып, канчалаган кыйынчылыктарга карабай өз ишиңиздердин өтөөсүнө чыгууга белсенип жатасыздар. Бул эрдигиңиздер окуучуларыңыздар менен студенттериңиздердин, шакирттериңиздер менен кесиптештериңиздердин эсинде өмүр бою сакталып каларына бөркүмдөй ишенем.  
Сиздерге чың ден соолук, жаздагыдай жаркын маанай каалайм. Ары сыймыктуу, ары түйшүктүү ишиңиздерди ийгилик жылоолосун!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар