Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
2022-жылы жеткиликтүүлүк, сапат, эффективдүү башкаруу жана каржылоо Билим берүү жана илим министрлигинин артыкчылыктуу багыттары болот

Көрүлдү: 1380

2022-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ведомствонун Коллегиясынын кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышышты.

post.title

Жыйында Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен тааныштырып, 2022-жылга белгиленген максат-милдеттери тууралуу сөз кылды.

А. Бейшеналиев өткөн жылдагы кырдаалды талдап чыгып, министрлик өз күчүн Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди, Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2021-2023-жылдарга тиешелүү иш-чаралар планын ишке ашырууга багыттаганын билдирди.

Министр 2022-жылга түзүмдүк бөлүктөрдүн милдеттерин белгиледи. Анын белгилешинче, башкаруу деңгээлинде:

- тиешелүү жоопкерчиликти контролдоо менен чечимдерди кабыл алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баа берүү (башкача айтканда, кабыл алынган чечимдердин, пландардын аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин, өз убагында жана сапаттуу аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү);

- республиканын мугалимдерин колдоону стимулдаштыруу максатында билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу;

- билим берүүнүн сапаты деңгээлинде:

- мектеп окуучуларын PISA эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоо жана окууга даярдоого методикалык колдоо көрсөтүү;

- билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде инновациялык билим берүү программаларын жана моделдерин, эффективдүү методдорун жана технологияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көп тилдүү чөйрөнү долбоорлоо, балдарды физикалык, руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, А. Бейшеналиев: «Биздин бардык күч-аракетибиз негизги артыкчылыктарга: жеткиликтүүлүк, сапат, эффективдүү башкаруу жана каржылоого багытталышы керек!», – деп баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар