Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
А. Бейшеналиев Орок орто мектебинин кошумча окуу корпусунун ачылышына катышты

Көрүлдү: 1277

Бүгүн, 18-февралда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынын Селекционное айылында жайгашкан Орок орто мектебинин кошумча окуу корпусунун ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышты.

post.title

Орок орто мектеби 2019-жылы курулуучу объекттердин тизмесине киргизилип, республикалык бюджеттин эсебинен мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу курула баштаган. Объекттин сметалык наркы бардык чыгымдарды кошкондо 110 млн 470 миң сомду түзгөн.

21 окуу кабинети, 90 орундуу ашканасы гана бар эски корпустан айырмаланып, жаңы корпустун ичинде 22 окуу кабинети, 180 орунга ылайык ашканасы, 90 орунга ылайык жыйын залы жана спорт залы бар.

 

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1987-жылы курулган. Ички миграциянын эсебинен 230 орунга ылайыкталган эски мектепте окугандардын саны жылдан-жылга өсүп, окутуу процессин уюштуруу кыйынчылыктар менен коштолуп келген.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 2668 окуучу билим алууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар