Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Болотбек Купешев: "Эгер мугалим өз ишинин майын чыгарган адис болсо, андай мугалимди барктап, коргоп алуу абзел"

Көрүлдү: 1446

Министр Болотбек Купешев 27-январда Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду кабыл алды. Жолугушууда жарандык активист соңку мезгилде коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан окуяга, Аламүдүн районундагы Лебединовка орто мектебинин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда орун алган окуяга, байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

post.title

Ар бир жарандын укугу корголууга тийиш экенин белгилеген министр жарандык позициясын ачык билдирип, мугалимдердин таламын талашкан социалдык катмар пайда болгону жакшы көрүнүш экенин айтты. Ошону менен бирге өлкө жетекчилиги мугалимдердин жашоо шартын жакшыртуу багытында ырааттуу иш алып барып жатканын маалымдады. "Эгер мугалим өз ишинин майын чыгарган адис болсо, андай мугалимди барктап, коргоп алуу абзел. А эгер мугалим педагогикалык этиканы сактабай, аша чаап кеткен болсо, ага карата административдик чара көрүлүшү кажет. Ошондо баары өз ордуна келет", - деди ал.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар