Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билим берүү жана илим жаатындагы жаңы мыйзам долбоорлорун талкуулашты

Көрүлдү: 1143

2021-жылдын 20-декабрында Бишкекте билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзүүнү талкуулаган тегерек стол болду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо бул тармактагы ченемдик укуктук базасын оптималдаштырууга багытталгандыгын айтты. Анын айтымында, колдонулуп жаткан мыйзамдарда бир катар иштебеген ченемдер, кемчиликтер жана ашыкча жоболор бар. Айкындалган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн “Билим берүү жөнүндө” бирдиктүү мыйзамды кабыл алуу сунушталууда. 

Андан ары иш-чаранын катышуучуларына “Билим берүү жөнүндө” жана “Илим жана илимий-техникалык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзам долбоорлору тааныштырылды.

Сунушталып жаткан “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору билим берүү жаатында колдонулуп жаткан мыйзамдарды топтоштурган тармактык мыйзам болуп калмакчы. 

Жаңы мыйзам долбоорлорунда түшүнүк базасы кеңейтилди, мисалы, мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формасы, кошумча кесиптик билим берүү, кош окутуу, интеграциялык билим берүү аныктамалары киргизилди. Мезгил чакырыктарына ылайык мыйзам долбооруна окутуунун электрондук формасы, электрондук кол тамга, мамлекеттик илимий-техникалык саясат, технопарк, технополис ж.б. кирди. 

“Илим жана илимий-техникалык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзам долбоорунда окуу жайлардын базасында илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү, мектептик билим берүүгө башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын киргизүү, илимий-техникалык иштелмелерди коммерциялаштыруу үчүн ченемдер бар.

Документте окуу жайларды аккредитациялоону каржылоо булактарын, окутуучулук сааттардын кредиттик системасын, окуу жайлардын финансылык отчёттуулугунун стандарттарын мыйзам менен бекитүү сунушталууда.

Ошондой эле билим берүү уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда. 

Андан тышкары медициналык билим берүү уюмдарынын менчик клиникалык базасын камсыздоо үчүн “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталып жатат.

Талкуулардын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоорлору боюнча өз идеяларын жана сунуштарын айтышты.

Айрым катышуучулар көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин, документ чийки экенин, кайра карап, иштеп чыгууга муктаж экенин кеп кылышты.

Тегерек столдун катышуучулары “Билим берүү жөнүндө” мыйзам заман чакырыктарына жана талаптарына жооп берүүгө тийиш экенин, ошондой эле комплекстүү жана концептуалдуу түрдө кайра карап чыгууга муктаж экенин белгилешти.

Белгилүү болгондой, азыркы убакта билим берүү жана илим тармагын алты мыйзамдык акт жөнгө салат. Алар: “Билим берүү жөнүндө”, “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдар жана башка мыйзамдык акттар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар