Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ОшМУнун МЕДИЦИНАЛЫК КЛИНИКАСЫНДА КАРДИОХИРУРГИЯ БӨЛҮМҮНҮН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 586

2-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмүнүн ачылышына катышты.

post.title

Ошондой эле салтанаттуу аземге Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркиянын дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Догдуркүл Кендирбаева кардихирургия бөлүмүнүн ачылышы жарандарга кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу ишмердүүдүүлүгүн жүргүзүүдөгү ролун белгиледи. «Президент 5 жогорку окуу жайга толугу менен автономиялык чечим кабыл алууга укук берген. Учурда бул окуу жайлар 4-муундагы окуу жайга айланды. Студенттер  билим, илим, көндүмдөрдү гана албастан өзүнүн алган билимдерин өндүрүшкө салып, монетизациялоо ийгиликтүү жүрүп жатат». Илимге жана билимге азыр чек жок, алдынкы тажрыйбаларды алмашууда ОшМУ лидер окуу жайлардын катарына кирет»,- деди министр Догдуркүл Кендирбаева.

Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. Буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалган.

Кардиохирургия бөлүмү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата пайдаланууга берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар