Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА GOOGLE КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 358

28-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Google компаниясынын өкүлдөрү менен билим берүү процессин санариптештирүүнүн илгерлетүү маселелерин талкуулады.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева Google-дын билим берүүдөгү санариптик колдонмолорун пайдаланууга кызыгуусун билдирди. Министр билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү, башкаруу процесстерин автоматташтыруу, технологиялар аркылуу мугалимдердин потенциалын жогорулатуу боюнча санариптештирүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Google компаниясынын өкүлдөрү Министрликтин жетишкендиктерин белгилеп, туруктуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн узак мөөнөттүү кызматташууну жактай турганын билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар