Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
ИЛИМИЙ ИШТЕРДИН 2023-ЖЫЛДАГЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Көрүлдү: 1689

Бүгүн, 29-февралда КР Улуттук илимдер академиясында өткөн сессияда 2023-жылдагы илимийиштердин жыйынтыгы баяндалды.

post.title

Сессияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө атаандаштыкка жөндөмдүү, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө илимий изилдөөлөрдү жана технологиялык инновацияларды илгерилетүүдө жаштарга насаатчы катары окумуштуулардын улуу муундарынын ролун белгилеп, быйыл биринчи жолу 14 илимий экспедиция уюштуруларын билдирди.

Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн ЖОЖдорунун ишмердүүлүгүндө илимий компонентти күчөтүү, мектептерде STEM (илим, технология, инженерия, математика) предметтерин окутуу, балдарды жаштайынан илимге жана ойлоп табууларга кызыгуусун арттыруу максатында долбоорлорду ишке ашыруу багытында министрлик аткарып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Министр интеллектуалдык эмгекти өнүктүрүүнүн өлкө экономикасынын өсүшүнө жана эл аралык рыноктун суроо-талаптарын канааттандырууга тийгизген таасири чоң экендигин белгиледи.  

Докладчы Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматовдун маалыматы боюнча, учурда академияда 17 илимий-изилдөө институту бар, аларда 38 академик, 51 мүчө-корреспондент жана 100дөн ашык илимдин доктору жана кандидаты эмгектенет. Докладчы прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ЖОЖдор менен кызматташууну күчөтүү боюнча милдеттерди белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери Жумагул Сааданбеков, Жолборс Жоробеков, Чолпонкул Арабаев жана Жаңыл Төлбашиевага “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы, Накен Касиевге “Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын ардактуу академиги” Ардак грамотасы тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар