Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
PISA-2025 ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Көрүлдү: 1256

23-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

post.title

Кеңешмеге PISA-2025  эл аралык изилдөөсүнө тесттерди даярдап жаткан Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борбору, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.  

 Министр PISA-2025 даярдык көрүүгө мугалимдер менен катар ата-энелер дагы активдүү катышып, иш-чаранын маанилүү экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

 Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун расмий сайтында PISA тестине даярдык көрүү боюнча тесттердин топтому жайгаштырылган.

 Кеңири маалымат алуу үчүн:
https://edu.gov.kg/organizations/21/pages/246/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар