Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 1355

18-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева учурдагы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келген мектеп окуу китептерин басып чыгаруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

post.title

Жыйынга министрдин орун басары Муратбек Касымалиев, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Кеңешменин катышуучулары мектептерди окуу китептери менен камсыздоо көйгөйлөрүн талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча чогулуштун чечими аркылуу төмөнкүлөр каралган:
- окуу китептерин чыгаруунун артыкчылыктуу тизмесин түзүү;
- 2024-жылы «Учкун» ААКтын басып чыгаруу үчүн окуу материалдарынын тизмесин макулдашуу.
- окуу китептерин даярдоонун ар бир баскычы үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү;
- мектеп китепканачысынын иши жөнүндө жобону иштеп чыгуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар