Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ КОРПУСУНУН ПАЙДУБАЛЫНА КАПСУЛА САЛУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 607

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

post.title

225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык баасы – 70 млн сом. Мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Учурда мектепте 31 мугалим, 11 техникалык кызматкер эмгектенип, 284 окуучу билим алат.

Белгилесек, Н.Батыров атындагы орто мектеби 1954-55-жылдары малчылар үчүн салынган 2 бөлмөлүү үй болгон, дубалдары ылайдан, чатыры черепица менен жабылган. 1963-жылдары Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлүп, ошол үйлөргө жайгаштырылган. 1975-1977-жылдары ашар жолу менен 2 класс кошулуп, жалпы билим берүүчү мектеп болуп өзгөргөн.

1981-1983-жылдары 5 класс кошумча салынып 140 орундуу орто мектеп болуп иштеп баштаган. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № Б-53 корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн.

Министр Н.Батыров атындагы орто мектептин иши менен таанышкан соң, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин башчылары жана мугалимдери менен жолугушмакчы.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар