Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТРЛИК МЕНЕН “ЭКО-ДЕМИ” КООМДУК ФОНДУНУН ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 1482

Бүгүн, 16-январда Билим берүү жана илим министрлиги менен “Эко-Деми” коомдук фондунун ортосунда “Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу, 2023-2025-жылдары тиричилик калдыктары менен иш жүргүзүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” Меморандумга кол коюлду.

post.title

Кол коюуга Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Эко-Демикоомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева катышты.

Меморандумга ылайык, алдыда “Жер Эне” долбоорун, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн (World Cleanup Day), Улуттук тазалык күнүн жана эл аралык экологиялык демилгелердин алкагындагы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнүн жарыялоо жөнүндө Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаралар планына ылайык башка иш-чараларды жана Министрликтин жана фонддун иш-чаралар пландары ишке ашырылмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар