Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 783

Бүгүн, 19-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык бир катар жарандарды кабыл алды.

post.title

Министрдин кабыл алуусунда болгон жарандар билим берүү мекемелериндеги кадр маселеси, коррупциялык иш-аракеттер боюнча, мектептердин курулушу, кесиптик лицейлердеги маселелер боюнча кайрылды.

Ошондой эле мектеп жашындагы балдарды шахматка кызыктыруу жана логикалык ой-жүгүртүүнү өстүрүү максатында “Шахмат көчмөндөрдүн оюну. Мээнин гимнастикасы” кыргыз тилиндеги китептин автору Курманбек Турумбеков мектептерде шахмат кружокторун жандантып, шахмат турнирлерин активдештирүү сунушун киргизди.

Министр бул сунушту колдой тургандыгын билдирип, кошумча мектеп программасында акыл гимнастикасын өстүрүү иретинде шахмат оюнун жайылтуу боюнча тапшырма койду.

Алишер Какенов министрликке мектеп окуучулары үчүн ЖРТ жана математика сабагына даярдоо боюнча анын YouTube каналынын контентин иликтөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жалпысынан ар түрлүү маселелер боюнча 14 жаран кабыл алууда болду.

Министр жарандардын ар бир кайрылуусу боюнча дыкат териштирүүлөрдү жүргүзүп, маселени мыйзам чегинде калыс чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилесек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар