Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ  КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН  ЭНЕЛЕР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

Көрүлдү: 427

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин  Энелер күнү менен куттуктоосу.

post.title
«Урматтуу Энелер!
 
Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар — Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
 
Эне жашообуздун башаты. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Ошондуктан,  энелер  ийгилигибиздин отун тутантып, дайыма дем берген улуу күч!  
 
Ошондуктан Энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салттарыбызга терең тамырлаган. 
 
Чыныгы энелик мээримдин чеги жок. Ар бир бала эне мээримине курчалып өссө, коомубузда өнүгүү болооруна ишенем. 
 
Урматтуу асылзат Энелер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм!»

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар