Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Министр Болотбек Купешев Нарын облусунун агартуу тармагынын кызматкерлери менен жолугушту

Көрүлдү: 1340

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бүгүн ал Нарын шаарында облустун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда негизинен облустагы мектептердин абалы, окутуунун сапаты талкууланды.

post.title

Эске сала кетсек, министр ушул жылдын июнь айынын башында Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорундагы билим берүү уюмдарынын абалын өз көзү менен көрүп, көйгөйлөрдү жеринде угуп, министрликке тиешелүү маселелерди чечүүнү, башка министрликтердин жана ведомстволордун компетенциясына кирген маселелерди тийиштүү жетекчилерге жеткирүүнү убада кылган. Ошону менен катар билим берүү системасынын аймактык органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген.

Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Б. Купешев жай мезгилинин башында өткөн жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши, берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алып, министрлик тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу кеп салып, суроолорго жооп берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар