Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Министр Болотбек Купешев Лейлектеги Максат мектебине барды

Көрүлдү: 1074

15-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы Максат орто мектеби окуучуларга эшигин ачты. Окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алмазбек Рахманкулов, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов, Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Өскөнбай Ташбалтаев, ошондой эле мектеп мугалимдери, окуучулар жана айыл тургундары катышышты.

post.title

Министр окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, баарына иштеги жана окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.

15-сентябрга карата мектептин капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, керектүү эмеректер жабдылып, кайрадан колдонууга берилгени айыл элинин жүрөгүн жылыткан жакшы саамалык болду.

Райондогу иш сапарынын алкагында министр "Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы орто мектепке барып, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, мектепке министрликтин атынан акыркы үлгүдөгү 7 комплект компьютерди белек кылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар