Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Бишкекте Кыргыз Республикасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин конференциясы өттү

Көрүлдү: 1142

7-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында Кыргыз Республикасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин конференциясы өткөрүлдү.

post.title

«Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» темасындагы конференциянын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев өз баяндамасында тарбиячыларга, мугалимдерге, окутуучуларга, бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, уюшкандык жана кесипкөйлүк менен өз ишин кылган жана кылып жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

«Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жашоонун жаңы шарттарына көнүшүү жолунда турат. Бул жерде билим берүүнүн жоопкерчилиги эбегейсиз зор – биз сиздер менен 3 жаштан 21 жашка чейинки курактагы балдар жана жаштар үчүн жооп беребиз, а булар – республиканын дээрлик 2,4 млн. жараны», – деп белгиледи министр. Ал ошондой эле глобалдашуу шарттарында ата мекендик билим берүү системасы эл аралык билим чөйрөсүнө кирип баратканын жана ата-мекендик эле эмес, глобалдык эмгек рыногунда да талап кылынышы мүмкүн болгон адистерди даярдоого багытталууга тийиш экенин баса белгиледи.

Андан аркы сөзүндө министр билим берүү системасын өнүктүрүүнүн азыркы этабында системанын алдында турган биринчи кезектеги милдеттерди, аларды кантип ишке ашыруу керектигин жана аларды аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды айтты. Ошону менен бирге ал аргасыздан дистанттык түрдө окуган мезгилде колдон чыгып кеткендердин ордун толтуруу үчүн жаңы реалдуулуктун шарттарында билим берүү системасы келип чыккан чакырыктарга, көйгөйлөргө, өзгөрүүлөргө ыкчам көңүл бура билиши керектигин белгиледи.

Баяндамасынын соңунда ал: «Мугалим, педагог – бул сөздөр ар бирибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин эмгегиңиздер эң жооптуу, кадыр-барктуу жана ардактуу кесиптердин бири бойдон кала берет», – деп баса белгиледи.

Андан ары конференциянын жүрүшүндө министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Нурлан Омуров, министрдин кеңешчиси Бактыбек Исмаилов ж.б. баяндама жасашты.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана кесиптик билим берүүнү камтыган 10 максаттуу аудитория боюнча мастер-класстарга катышышты.

Конференциянын жыйынтыктоочу бөлүгүндө тармактагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү, суроолорго министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери жооп беришти.

Аягында конференциянын резолюциясынын жумушчу долбоору добушка коюлуп, катышуучулардын колдоосуна ээ болду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар