Кыргызстандыктарга Беларусиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 6 билим берүү гранты бөлүнөт

26 Февраль 2022 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Беларусь тарап Кыргыз Республикасынын жарандарына 2022/2023-окуу жылына Беларусь Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 6 билим берүү грантын бөлгөнүн маалымдайт.

Гранттардын эсебинен билим алуу төмөндөгү адистиктер боюнча орус тилинде болору болжолдонууда:

“Маалыматтык системалар жана технологиялар” (жогорку билимдин биринчи баскычы, бакалавр) – 3 орун;

“Дарылоо иши” (жогорку билимдин биринчи баскычы, бакалавр) – 2 орун;

“Филология” (жогорку билимдин бэкинчи баскычы, магистратура) – 1 орун.

 

Грант алууга конкурстун биринчи (тандоо) этабында Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан талапкер болгондор Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

Беларусияда окугусу келип жатканына жана дал ушул кесипти тандап алганына жүйө келтирүү менен окууга кабыл алуу тууралуу арыз (сүрөтү менен кошо формада – тиркелет);

чет жакка чыгуу үчүн документтин жана (же) инсандыкты ырастоочу документтин көчүрмөсү;

билим жөнүндөгү документтин көчүрмөсү (же болбосо бардык сабактар боюнча белги коюлуп, билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан тастыкталган жарандын окуп жаткан адам экендиги тууралуу маалым кат);

орус тилин билерин тастыктоочу документтин көчүрмөсү;

талапкердин өлкөсүнүн саламаттык сактоо органы тарабынан берилген тандаган адистиги боюнча окуй алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн ден соолугунун абалы тууралуу медициналык документтин жана ВИЧ-инфекциясы жоктугу тууралуу сертификаттын көчүрмөлөрү;

окуган жеринен мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);

белорус тектүү экенин тастыктоочу документтер (бар болгон учурда).

 

Кыргыз же башка чет тилде түзүлгөн жогоруда көрсөтүлгөн документтер орус тилине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.   

 

Билими жөнүндөгү документинин орточо баллы 7,5 баллдан (10 баллдык шкала) же 4,3 баллдан (5 баллдык шкала) төмөн болгон талапкерлер тандоого катыша алышпайт.

Элчиликтин документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү 2022-жылдын 11-мартында аяктайт.

Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Элчилигиндеги сурап-билүү үчүн телефондор: 0312 35 28 21; 35 28 35

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар