Долбоордун эсептерине жана финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү

16 Октябрь 2026 ж.

БААЛАРДЫ СУРАП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

Консультациялык эмес кызматтарды көрсөтүү боюнча

Долбоордун эсептерине жана финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү

  1. Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасын (SEFF2 алкагындагы 5-иш-чара) каржылоо үчүн 1103-KGZ грантын алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн долбоордун эсептерине жана финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү боюнча консультациялык эмес кызматтарды каржылоого пайдаланууну көздөйт. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (КР АМ) аткаруучу жана ишке ашыруучу орган болуп саналат.

  2. Иш-чаранын жалпы наркы 1,25 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 1,00 млн АКШ долларына чейинки сумма АӨБдүн атайын фонддорунун (Азия өнүктүрүү фондунун) субгрантынын эсебинен, ал эми 0,25 млн АКШ долларына чейинки сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосунун эсебинен каржыланат.

  3. Министрликтин алдындагы Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИБ) аудитордук компанияларды Техникалык тапшырмага (Баалык сунуштарды сурап алуу документине А тиркемеси) ылайык 2026, 2027 жана 2028-жылдар үчүн долбоордун финансылык отчеттуулугуна (анын ичинде долбоорду жоюу мезгилине) аудит жүргүзүү боюнча баалык сунуштарын берүүгө чакырат. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 36 айдан ашпоого тийиш.

  4. Аудиттин максаты аудиторго төмөнкүлөр боюнча корутунду берүүгө мүмкүндүк түзүү болуп саналат:
    а) долбоордун финансылык отчеттуулугу бардык олуттуу аспектилер боюнча ишенимдүү экендиги же долбоордун финансылык абалы, финансылык натыйжалары жана акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө туура түшүнүк берери тууралуу көз карандысыз жана объективдүү пикир билдирүү;
    б) Талаптардын сакталышы жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн айрым ырастоолордун ишенимдүүлүгү боюнча жетиштүү ишеним деңгээлинде корутунду берүү.

  5. Тандоо АӨБдүн карыз алуучулар үчүн сатып алуулар боюнча 2026-жылдагы директивасына ылайык баалык сунуштарды сурап алуу (RFQ) ыкмасы менен жүргүзүлөт. Келишим баалык сунушу Баалык сунуштарды сурап алуу документиндеги талаптарга олуттуу деңгээлде жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган кызмат көрсөтүүчү менен түзүлөт.

  6. АӨБгө мүчө өлкөлөрдөн болгон, Баалар боюнча сунуштарды сурап алуу документтин 2-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөргө кирбеген жана кызыкчылыктардын кагылышуусу жок компаниялар катыша алышат.

  7. Катышуучу өзүнүн квалификациясын ырастоо үчүн төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

а) акыркы 3 жыл ичинде АӨБдүн же Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча кеминде 1,0 млн сомдук, ушул келишимдин көлөмү жана мүнөзү боюнча окшош аудит кызматтарын көрсөтүү боюнча жок дегенде бир келишимди аткаргандыгын ырастоочу документ;

б) аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензия;

в) Кыргыз Республикасынын Салык кызматына жана Социалдык фондуна карызы жок экендиги жөнүндө, баалык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин бир айдан эрте эмес датада берилген маалымкаттардын түп нускалары. Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон катышуучулар үчүн — катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыздары жөнүндө маалымат.

  1. Баалар кыргыз сомунда (KGS) көрсөтүлүүгө жана төлөмдөр Баалык сунуштарды сурап алуу документине тиркелген баалык сунуштун формасына жана баалар таблицасына так ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн тартып 30 күндү түзөт.

  2. Баалар боюнча сунуштарды сурап алуу документтеринин толук топтомун (орус жана англис тилдеринде) электрондук почта аркылуу же төмөндө көрсөтүлгөн даректен иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин алууга болот.

Баалыар боюнча сунуштар зарыл документтер менен бирге кол коюлуп, чапталган конвертте төмөнкү дарекке жеткирилиши керек:

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, 4-кабат, 415-кабинет,
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257
Тел.: 0312 62 35 73

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 30-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин.

Баалар боюнча сунуштар 2026-жылдын 30-октябрында саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2-кабатындагы конференц-залда (Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257) катышуучулардын катышуусунда ачык ачылат. Катышууну каалаган катышуучулардын өкүлдөрү иш-чарага катыша алышат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн баалык сунуштар каралбайт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасы (SEFF2 алкагындагы 5-иш-чара), 1103-KGZ гранты

Дареги: Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22А, 2-кабат, 205-кабинет
Тел.: +996 312 31 71 38
Электрондук почта: sdstp.adb.project@gmail.com

  1. Баалар б оюнча сунуштар тиркелген формага так ылайык даярдалып берилиши керек.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар