КОТОРМОЧУ — ОФИС-МЕНЕДЖЕР КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

24 Сентябрь 2026 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУНУ КООРДИНАЦИЯЛОО БӨЛҮМҮ «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоонун алкагында котормочу — офис-менеджер кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • Лингвистика, филология, эл аралык мамилелер, мамлекеттик башкаруу, бизнести башкаруу же чектеш багыттар боюнча жогорку билим;
  • Англис тилинен котормочу болуп кеминде бир жыл иштеген тажрыйба. Офис-менеджер же администратор болуп иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат;
  • Эл аралык уюмдарда же Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка донорлор каржылаган долбоорлордо кеминде бир жыл иштеген тажрыйба. Мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйба артыкчылык болуп саналат;
  • Компьютерде, анын ичинде Windows, MS Office программаларында жана интернетте иштөө көндүмдөрү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү, ошондой эле кириш жана чыгыш каттарды, протоколдорду жана долбоордун башка документтерин которууга жетиштүү деңгээлде англис тилин билүү.

Кызыкдар талапкерлер кызыкдар экендиги тууралуу катты, орус жана англис тилдериндеги резюмесин (CV), ошондой эле тиешелүү дипломдорунун жана/же сертификаттарынын көчүрмөлөрүн 2026-жылдын 8-октябрында саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке тапшырышы керек:

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашырууну координациялоо бөлүмү

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22А, № 101-кабинет
Тел.: 31-70-16; факс: 31-70-55
Электрондук почта: uluk.akulov96@gmail.com

Арызда кайсы кызмат ордуна талапкерлик коюлуп жатканы көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин толук топтому тиркелбеген, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн же коюлган талаптарга жооп бербеген арыздар каралбайт.

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар