Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү маселелеринде ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында “Лицензиялык контроль жүргүзүүгө тартылуучу эксперттерди даярдоо” боюнча

30 Июнь 2026 ж.

ЖАРЫЯ!

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү маселелеринде ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында Лицензиялык контроль жүргүзүүгө тартылуучу эксперттерди даярдоо боюнча окутуу семинарына билим берүү тармагынын адистерди кабыл алууну жарыялайт.  Семинардын жыйынтыгында ийгиликтүү өткөн талапкерлерге 5 жылдык мөөнөткө атайын эксперттик сертификат берилип, алар Агартуу министрлигинин эксперттердин электрондук реестрине киргизилет жана текшерүү комиссияларынын курамында иштөө укугуна ээ болушат. 

Талапкерлерге коюлуучу негизги квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек кодексин, Билим берүү жөнүндө, Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Мыйзамдарын жана тиешелүү билим берүү чөйрөсүндөгү укук ченемдик актыларды жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын билүү; 
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; 
  • Ченемдик укуктук актылар жана документтер менен иштөө, маалыматтарды талдоо, ошондой эле компьютер жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдоно билүү көндүмдөрү. 

Окутуу семинарлары онлайн жана офлайн форматтарында уюштурулат (ошондой эле өз алдынча даярдануу укугу сакталат).

Семинардан кийин талапкерлер автоматташтырылган атайын бекитилген тестирлөөдөн өтүшөт.  Тесттин жалпы суроолорунун 60% же андан көп бөлүгүнө туура жооп берген талапкерлер сертификациядан өттү деп эсептелет.  Катышуу үчүн зарыл болгон документтер (электрондук форматта кабыл алынат):

  • Жарандыгын тастыктаган документтин (паспорттун) көчүрмөсү;
  •  Билими жана квалификациясы боюнча документтердин көчүрмөсү; 
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

 Бардык документтер Агартуу министрлигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан текшерилип, талаптарга толук жооп берген талапкерлер гана тестирлөөгө киргизилет. 

Арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 1.08.2026-ж.

Суроолор боюнча байланыш телефону: 0312663898, 0552047047

Арыздар дарек аркылуу кабыл алынат: bermet.mukanova.78@mail.ru

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар