Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жабдууларына сатып алууга тендер

25 Июнь 2026 ж.

Дата: 2026-жылдын 24-июну

Гранттын номери жана аталышы:
4217 KGZ: «Секторду өнүктүрүү долбоору:мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору

Келишимдин номери жана аталышы:
G-06: Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жабдуулары

Лоттор:
• Лот 1 – Чүй облусу
• Лот 2 – Ысык-Көл облусу
• Лот 3 – Талас облусу
• Лот 4 – Нарын облусу
• Лот 5 – Ош облусу
• Лот 6 – Жалал-Абад облусу
• Лот 7 – Баткен облусу

Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү:
2026-жылдын 5-августу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) «Мектептик билим берүүнү реформалоо» секторун өнүктүрүү программасын ишке ашырууга каржылоо алган жана анын бир бөлүгүн G-06 «МКТ жабдуулары» келишими боюнча төлөмдөргө жумшоону пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги кызыкдар жана талаптарга жооп берген катышуучуларды МКТ жабдууларын жеткирүү, орнотуу жана пайдалануу боюнча окутуу кызматтарын көрсөтүүгө тендердик сунуштарын берүүгө чакырат.

Тендер АӨБдүн бир этаптуу, эки конверттүү эл аралык ачык тендердик жол-жобосуна ылайык өткөрүлөт.

Негизги квалификациялык талаптар:

  1. Орточо жылдык жүгүртүү (2023–2025-жылдар):
    Катышуучунун акыркы 3 жыл ичинде аткарылган же аткарылып жаткан келишимдер боюнча алган төлөмдөрүнүн жалпы суммасы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:

• Чүй облусу – 1 000 000 АКШ доллары
• Ысык-Көл облусу – 750 000 АКШ доллары
• Талас облусу – 500 000 АКШ доллары
• Нарын облусу – 750 000 АКШ доллары
• Ош облусу – 500 000 АКШ доллары
• Жалал-Абад облусу – 1 750 000 АКШ доллары
• Баткен облусу – 750 000 АКШ доллары

  1. Ушуга окшош келишимдер боюнча тажрыйба:
    Акыркы 5 жыл ичинде негизги жеткирүүчү катары кеминде бир окшош келишимди ийгиликтүү аткарган болушу керек. Бир келишимдин минималдуу суммасы:

• Чүй облусу – 400 000 АКШ доллары
• Ысык-Көл облусу – 300 000 АКШ доллары
• Талас облусу – 200 000 АКШ доллары
• Нарын облусу – 300 000 АКШ доллары
• Ош облусу – 200 000 АКШ доллары
• Жалал-Абад облусу – 700 000 АКШ доллары
• Баткен облусу – 300 000 АКШ доллары

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Жооптуу адам: Жылдыз Узбекова, Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси

Дареги:
720000, Бишкек шаары,
Манас проспектиси, 22А
2-кабат, 205-кабинет

Телефон: +996 (312) 31 71 38
E-mail: sersdp.adb.project@gmail.com

Тендердик документтердин электрондук версиясы акысыз берилет.

Сунуштарды тапшыруу дареги:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Тыныстанов көчөсү, 257,
407-бөлмө

Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 5-августу, саат 15:00гө чейин.

Тендердик сунуштар тендердик документтерде көрсөтүлгөн тартипте камсыздоо кепилдиги менен кошо тапшырылууга тийиш.

Тендердик сунуштар кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин дароо, катышууну каалаган өкүлдөрдүн катышуусунда ачылат.

Заказчы тендердик сунуштарды даярдоого жана берүүгө байланыштуу катышуучулар тарткан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар