Тендер тууралуу жарыя

23 Июнь 2026 ж.

 

Датасы: 2026-жылдын 23-июну

Долбоор: №4217 KGZ – Мектептик билим берүүнү реформалоо секторун өнүктүрүү долбоору

Контракт: G-05 – Мектептик лабораториялар үчүн жабдууларды жеткирүү, орнотуу жана сыноодон өткөрүү

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында мектептик лабораториялар үчүн жабдууларды жеткирүү, монтаждоо жана тестирлөө боюнча эл аралык ачык тендер жарыялайт.

Тендер төмөнкү лоттор боюнча өткөрүлөт:

  • Лот 1 – Чүй облусу;

  • Лот 2 – Ысык-Көл облусу;

  • Лот 3 – Талас облусу;

  • Лот 4 – Нарын облусу;

  • Лот 5 – Ош облусу;

  • Лот 6 – Жалал-Абад облусу;

  • Лот 7 – Баткен облусу.

Тендер Азия өнүктүрүү банкынын жол-жоболоруна ылайык өткөрүлөт жана талаптарга жооп берген бардык катышуучулар үчүн ачык.

Катышуучулар акыркы үч жылдагы (2023–2025-жж.) финансылык туруктуулугун жана ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын тастыктоого тийиш.

Тендердик сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү:

📅 2026-жылдын 4-августу
🕒 саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча)

Сунуштарды тапшыруу дареги:

📍 Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257,
407-бөлмө, 720010

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Жылдыз Өзбекова
Долбоорду ишке ашыруу тобунун менеджери

📍 Манас проспектиси, 22А, 205-кабинет, Бишкек ш.
📞 +996 (312) 31 71 38
📧 sersdp.adb.project@gmail.com

Тендердик документтердин электрондук версиясы кызыкдар тараптарга акысыз берилет.

Тендердик сунуштар белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин дароо ачылат. Сунуштарды даярдоого жана тапшырууга байланышкан бардык чыгымдарды катышуучулар өздөрү көтөрүшөт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар