Тендер өткөрүү тууралуу жарыя

19 Июнь 2026 ж.

ТЕНДЕРДИК ЖАРЫЯ

Датасы: 2026-жылдын 19-июну

Долбоор: Мектептик билим берүүнү реформалоо секторун өнүктүрүү долбоору (№4217 KGZ)

Контракт: G-12 – Видеокөзөмөл системаларын жеткирүү жана орнотуу

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында видеокөзөмөл системаларын жеткирүү жана орнотуу боюнча эл аралык ачык тендер жарыялайт.

Тендер төмөнкү 7 лот боюнча өткөрүлөт:

  • Лот 1 – Чүй облусу;

  • Лот 2 – Ысык-Көл облусу;

  • Лот 3 – Талас облусу;

  • Лот 4 – Нарын облусу;

  • Лот 5 – Ош облусу;

  • Лот 6 – Жалал-Абад облусу;

  • Лот 7 – Баткен облусу.

Талапкерлер бир же бир нече лот боюнча сунуш бере алышат.

Тендер Азия өнүктүрүү банкынын жол-жоболоруна ылайык бир баскычтуу, эки конверттүү система аркылуу өткөрүлөт жана талаптарга жооп берген бардык өлкөлөрдүн компаниялары катыша алышат.

Катышуучулар акыркы үч жылдагы (2023–2025-жж.) тиешелүү финансылык мүмкүнчүлүгүн жана ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын тастыктоого тийиш.

Тендердик сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү:
📅 2026-жылдын 20-июлу
🕒 саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча)

Сунуштарды тапшыруу дареги:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Тыныстанов көчөсү, 257,
407-кабинет.

Тендердик документтерди акысыз алуу жана кошумча маалымат алуу үчүн:

Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси
Жылдыз Узбекова

📍 Бишкек ш., Манас проспектиси, 22А, 205-кабинет
📞 +996 (312) 31 71 38
📧 sersdp.adb.project@gmail.com

Тендердик документтердин электрондук версиясы суроо-талап боюнча акысыз берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар