Датасы: 2026-жылдын 3-июну
Кредиттин номери жана аталышы:
4217-KGZ: «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо»
Келишимдин номери жана аталышы:
CW-03: 5 мектепте жана Кыргыз билим берүү академиясында (КББА) оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү
Лот 1: Чүй облусундагы үч мектеп жана КББА.
Лот 2: Талас облусундагы эки мектеп.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү:
2026-жылдын 1-июлу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун чыгымдарын каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) каржылоо алган. Бул каржылоонун бир бөлүгү жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер боюнча иштерге төлөм жүргүзүүгө пайдаланылат. Тендерге АӨБ тарабынан каржылоого укуктуу өлкөлөрдүн катышуучулары катыша алышат.
-
Катышуучулар тендердик документтерде кошумча белгиленгендей, бир же бир нече келишим боюнча сунуш бере алышат. Эгерде катышуучуларга бир нече келишим ыйгарылган учурда арзандатуу сунушталса, мындай арзандатуулар тендердик сунуштун курамына киргизилиши керек.
-
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги («Буюртмачы») укуктуу тендер катышуучуларын 5 мектепти жана Кыргыз билим берүү академиясын реконструкциялоо жана курулуш иштерин бүтүрүү боюнча мөөр басылган сунуштарды берүүгө чакырат («Иштер»).
-
Ачык конкурстук соода-сатык – улуттук тендер АӨБдүн бир этаптуу, эки конверттүү жол-жобосуна ылайык жүргүзүлөт жана тендердик документтерде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген бардык өлкөлөрдүн катышуучулары үчүн ачык болуп саналат.
-
Бул тендерге тендердик документтерде аныкталган төмөнкү негизги квалификациялык талаптарга жооп берген катышуучулар гана катыша алышат:
Курулуш тармагындагы орточо жылдык жүгүртүү
Минималдуу орточо жылдык жүгүртүү:
Лот №1 үчүн – 102 540 000,00 сом;
Лот №2 үчүн – 70 300 000,00 сом.
Бул көрсөткүч акыркы 3 (үч) жыл ичинде аткарылып жаткан же аяктаган келишимдер боюнча алынган жана тастыкталган төлөмдөрдүн жалпы суммасынын негизинде эсептелет.
Көлөмү жана мүнөзү боюнча окшош келишимдер
Акыркы 5 (беш) жыл ичинде башкы подрядчы, консорциумдун өнөктөшү же субподрядчы катары кеминде бир келишимди ийгиликтүү жана негизинен толук аткарган болушу керек. Ал келишим сунушталып жаткан иштерге окшош болуп, катышуучунун үлүшү төмөнкү суммадан кем болбоого тийиш:
Лот №1 үчүн – 41 014 000,00 сом;
Лот №2 үчүн – 28 120 000,00 сом.
-
Кошумча маалымат алуу жана тендердик документтер менен таанышуу үчүн катышуучулар төмөнкү дарекке кайрылышы керек:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИБ).
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 22А
Телефон: +996 312 31 71 38
Электрондук почта: sersdp.adb.project@gmail.com
-
Англис тилиндеги тендердик документтерди алуу үчүн талаптарга жооп берген катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
• көрсөтүлгөн дарекке фирмалык бланкта (кол коюлуп, мөөр басылган) CW-03 «5 мектепте жана Кыргыз билим берүү академиясында (КББА) оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү» долбоору боюнча тендердик документтерди берүү өтүнүчү менен кат жөнөтүү.
-
Өз сунуштарын төмөнкүдөй тартипте тапшыруу керек:
• Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257, 4-кабат, №407 бөлмө дареги боюнча;
• белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен – 2026-жылдын 1-июлу, саат 15:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча);
• тендердик документтерде көрсөтүлгөндөй сунуштун кепилдик камсыздоосу менен кошо.
Сунуштар тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин дароо, катышууну каалаган катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики