Чакыруу: тендерге катышуу

25 Май 2026 ж.

Датасы: 2026-жылдын 25-майы

Карыздын номери жана аталышы:
4217-КГЗ: “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо”

Контракттын номери жана аталышы:
G-09: Мебель

Лот 1: Түндүк региондор (Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу)

Лот 2: Түштүк региондор (Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу)

Конкурстук сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү:
2026-жылдын 25-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо алган жана бул каржылоонун бир бөлүгүн жогоруда көрсөтүлгөн контракт боюнча төлөмдөргө пайдаланууну пландоодо. Тендерге АӨБ тарабынан каржыланган өлкөлөрдүн катышуучулары катыша алышат.
  2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (“Сатып алуучу”) талаптарга жооп берген тендерге катышуучуларды G-09: Мебель товарын жеткирүү боюнча мөөр басылган конкурстук сунуштарды берүүгө чакырат.
  3. Ачык конкурс — Улуттук жарыя Азия өнүктүрүү банкынын бир этаптуу, эки конверттүү тендердик жол-жобосуна ылайык өткөрүлөт жана тендердик документте көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген бардык катышуучулар үчүн ачык болот.
  4. Тендерге төмөнкү негизги квалификациялык талаптарга жооп берген укуктуу катышуучулар гана катыша алышат:

(a) Акыркы 3 (үч) жылдагы (2023–2025-жж.) аяктаган же аткарылып жаткан келишимдер боюнча алынган төлөмдөрдүн жалпы суммасы катары эсептелген минималдуу орточо жылдык жүгүртүү:

Лоттордун аталышы

АКШ доллары

Сом

Лот 1: Түндүк региондор (Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу)

740 000

64 750 000

Лот 2: Түштүк региондор (Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу)

820 000

71 750 000

(b) Акыркы 3 (үч) жыл ичинде (2023–2025-жж.) негизги жеткирүүчү катары кеминде 1 (бир) окшош келишимди ийгиликтүү аткарган болушу керек. Бир келишимдин суммасы төмөнкүдөн кем болбошу зарыл:

Лоттордун аталышы

АКШ доллары

Сом

Лот 1: Түндүк региондор (Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу)

296 000

25 900 000

Лот 2: Түштүк региондор (Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу)

328 000

28 700 000

  1. Кимге: Жылдыз Узбекова, ДБИнин менеджери Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22А Кабат/кабинет: 2-кабат, 205-кабинет. Тел.: +996 312 31 71 38 E-mail: sersdp.adb.project@gmail.com
  2. Тендердик документтердин электрондук версиясы 5-пунктта көрсөтүлгөн байланыш адамдарына суроо-талап боюнча акысыз берилет.
  3. Конкурстук сунуштарды төмөнкү дарекке жеткирүү зарыл:

• 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257, 407-кабинет
• 2026-жылдын 25-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин
• Тендердик документте көрсөтүлгөндөй тендердик сунушту камсыздоо (банктык кепилдик) менен кошо

Конкурстук сунуштар сунуштарды тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин дароо, катышууну каалаган тендер катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.

Сатып алуучу конкурстук сунуштарды даярдоо же тапшыруу менен байланышкан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар