PCTE group кыргызстандыктар үчүн 2022-академиялык жылга 4 стипендия бөлүп берет

4 Февраль 2022 ж.

Индиядагы Persistent Cyber Training Environment (PCTE) институттар тобунун өкүлдөрү тарабынан 2022-академиялык жылга карата Кыргызстандын студенттерине 4 стипендия сунушталды.

Стипендиялар окуу акысын толук жабат. Авиабилеттер жана виза үчүн акыны студенттин өзү төлөйт. Андан тышкары керектелгенине жараша чегериле турган электр энергиясы боюнча ар айлык акча чогултуулар да студенттин эсебинен жүргүзүлөт.Университетке тапшыруу үчүн бир жолку төлөм 2000 рупийди (30 АКШ долларын) түзөт, бул зарыл болгон учурда университет тарабынан кайра каралат.  

Толугураак маалымат алуу үчүн каалоочулар internationalaffairs@pcte.edu.in жана rupika@pcte.edu.in сайттарына баш бакса же +918968928855 WhatsApp номери аркылуу кайрылса болот.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар