Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында бакалавриат, магистратура программалары боюнча конкурстук тандоого катышуучу талапкерлер үчүн тестирлөө өткөрүлөт

4 Февраль 2022 ж.

Көңүл буруңуздар!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында бакалавриат программасы (BA/BSc) жана бир деңгээлдүү магистратура программасы (OTM) боюнча конкурстук тандоого катыша турган талапкерлер үчүн тестирлөө өткөрүлөрүн маалымдайт.

Тестирлөө 2022-жылдын 15-17-февралында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имаратында (Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 66) өтөт.  

Тестирлөөнүн убактысын кошумча кабарлайбыз.

Тестирлөө тандалган багытка жараша 2 профилдик предмет боюнча жана англис тили боюнча өткөрүлөт:

        1. Экономикалык багыт:
  • Математика, Адам жана коом, Англис тили.
        1. Социалдык-гуманитардык багыт:
  • Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Англис тили.
        1. Медициналык багыт:
  • Химия, Биология, Англис тили.
        1. Техникалык багыт:
  • Математика, Физика, Англис тили.
        1. Табигый-илимий багыт:
  • Математика, Биология, Англис тили.

Ошондой эле магистратура жана докторантура программаларынын талапкерлери үчүн алдын ала тандоо орточо жетишкендигинин жана англис тилинин деңгээлинин негизинде гана жүргүзүлөрүн белгилейбиз. Тандоо комиссиясынын чечимине ылайык изилдөө пландары бааланбайт жана аңгемелешүү жүргүзүлбөйт.

Талапкерлерден министрликтин сайтындагы маалыматка көз салып турууну, ошондой эле катталып жатканда көрсөткөн электрондук почтасын жана STUDENT.EDU.GOV.KG системасындагы жеке кабинетин текшерип туруусун суранабыз.

Бардык талапкерлерге ийгилик каалайбыз!

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар