Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мастер-тренерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт

23 Июнь 2025 ж.

Билим берүү системасын трансформациялоо, 12 жылдык билим берүүгө өтүү иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту төмөнкү багыттар боюнча мастер-тренерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт:

  • Башталгыч класстардын (математика, табият таануу сабагын окутуучулар) мугалимдерин окутуу;
  • Англис тил мугалимдерин окутуу.

 

Тандоонун максаты – жаңы билим берүү стандарттарын, окуу программаларын жана окуу китептерди эл аралык ыкмаларга жана талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук тренерлердин командасын түзүү.

Документтерди тапшыруунун акыркы күнү 2025-жылдын 30-июну, саат 18.00 чейин.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Резюме, анда төмөнкү маалыматтар болушу керек:
  • Толук аты-жөнү;
  • Иштеген жери жана ээлеген кызмат орду;
  • Байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почта);
  • Чоң адамдардан турган аудиторияны окутуу жаатындагы кесиптик тажрыйбасы жөнүндө кыскача маалымат, анын ичинде:
      • Ишке ашырылган билим берүү программалары/долбоорлору;
      • Окутулган топтор (мисалы, STEM сабактарынын мугалимдери, башталгыч класстардын мугалимдери, англис тил мугалимдери багытына жараша);
      • Өткөрүлгөн тренингдердин узактыгы жана тематикасы.
  1. Тастыктоочу документтер:
  • Темага тиешелүү квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгү тууралуу сертификаттар;
  • Темага тиешелүү тренерлик ишмердүүлүгүн тастыктаган сертификат/күбөлүк (эгер бар болсо).

Тандоо критерийлери:

  • Педагогика же тектеш тармактар боюнча жогорку билим;
  • Билим берүү системасында иш тажрыйбасы;
  • Чоңдор үчүн тренингдерди жана курстарды өткөрүү боюнча 3 жылдан кем эмес тастыкталган тажрыйба (сертификаттар, сунуштама каттар);
  • STEM сабактарынын, башталгыч класстардын, англис тил мугалимдерин (багытына жараша) окутуу тажрыйбасы;
  • Улуттук же эл аралык билим берүү долбоорлоруна катышуу;
  • Командада иштей билүү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (эки тилди тең билүү артыкчылык болуп эсептелет), англис тил мугалимдерин окуткандар үчүн англис тилди билүү;
  • Компьютерде иштей билүү, Microsoft Office программаларын жакшы өздөштүргөндүгү;
  • Башталгыч класстардын мугалимдерин окутуучулар үчүн «Окуу керемет!», «Бирге окуйбуз» ж.б. долбоорлордо тренер катары иштегендерге, англис тил мугалимдерин окутуучулар үчүн бул багытта окутуу долбоорлоруна катышкандарга артыкчылык берилет.

 

Бардык документтер төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: konkursmt2025@gmail.com же жекече түрдө төмөнкү дарекке тапшырууга болот: Широкая көчөсү 1Б, 211-кабинет, Окуу-уюштуруу бөлүмү.

Эскертүү: Сынак үчүн жөнөтүлгөн документтер топтому мөөнөтүнөн кеч келсе жана талапка ылайык келбесе, көрсөтүлгөн критерийлерге дал келбесе, аларга сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилбейт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар