ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ 75 КВОТА БӨЛҮНДҮ

19 Июнь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2025-2026-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү.

Конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия республикаларынын жана Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жарандары этникалык кыргыздар катыша алышат.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер “2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу” бөлүмүнөн каттоодон өтүп, зарыл болгон бардык документтерди министрликтин http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына жүктөп, ошондой эле бардык зарыл болгон талааларды 2025-жылдын 1-август күнү саат 23.59га чейин толтуруп берүүсү керек.

 

1) Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) кыргыз же орус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестаттын же дипломдун) кыргыз же орус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

3) Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат

4) Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо) ж.б.

5) 086-у формасында медициналык маалымкат

6) ВИЧ / СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат  

Көңүл буруңуз: документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!

 

Техникалык текшерүү

 

Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин (2025-жылдын 1-августунда саат 23.59да) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга жооп берер-бербеши жана бардык керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага ийгиликтүү жана өз убагында катталып, программанын талаптарына ылайык бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер тандоо сынактарына катыша алышат.

 

Конкурстук тандоо

Бакалавриат программалары үчүн конкурстук тандоо компьютердик/бланктык тестирлөө түрүндө өтөт. Компьютердик/бланктык тестирлөө 2025-жылдын 13, 14, 15-августунда өткөрүлөт.

Онлайн-системага ийгиликтүү катталган талапкерлерге (student.edu.gov.kg) сыноонун датасы жана убактысы жөнүндө маалымат жеке кабинетке жиберилет.

Конкурстук программага катышуу маселелери боюнча маалымкаттар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефондор аркылуу берилет: +996 (312) 662842 жана +996551 448011.

Ошондой эле, программага катышуу боюнча суроолорду төмөнкү электрондук почтага жөнөтсө болот: edu@mail.gov.kg.

 

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!!!

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар