Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
МААЛЫМДАЙТ
мастер-тренерлерди тандоо боюнча сынак тууралуу
Билим берүү системасын трансформациялоо иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүнө өтүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкү багыттар боюнча мастер-тренерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт:
- Математика
- Табият таануу
Тандоонун максаты – жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын эл аралык ыкмаларга жана талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук тренерлердин командасын түзүү.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү – 2025-жылдын 24-майына 18.00 чейин
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Резюме, анда төмөнкү маалыматтар болушу керек:
- Толук аты-жөнү;
- Ээлеген кызмат орду жана иштеген жери;
- Байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почта);
- Чоң адамдардан турган аудиторияны окутуу жаатындагы кесиптик тажрыйба жөнүндө кыскача маалымат, анын ичинде:
-
- Ишке ашырылган билим берүү программалары/долбоорлору;
- Окутулган топтор (мисалы, STEM сабактарынын окутуучулары ж.б.);
- Өткөрүлгөн тренингдердин узактыгы жана тематикасы.
-
- Тастыктоочу документтер:
- Квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгү тууралуу сертификаттар;
- Мастер-тренер күбөлүгү (эгер бар болсо).
Тандоо критерийлери:
- Педагогика же тектеш тармактар боюнча жогорку билим;
- Билим берүү системасында иш тажрыйбасы;
- Чоңдор үчүн тренингдерди жана курстарды өткөрүү боюнча 3 жылдан кем эмес тастыкталган тажрыйба (сертификаттар, сунуштама каттар);
- STEM сабактарынын мугалимдерин окутуу тажрыйбасы;
- Улуттук же эл аралык билим берүү долбоорлоруна катышуу;
- Командада иштей билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (эки тилди тең билүү артыкчылык болуп эсептелет);
- Компьютерде иштей билүү, Microsoft Office программаларын жакшы өздөштүргөндүгү.
Бардык документтер төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: konkursmt2025@gmail.com же жекече түрдө төмөнкү дарекке тапшырууга болот: Широкая көчө 1Б, 211-кабинет, Окуу бөлүмү.