Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун кесиптик билим берүү уюмдарына 2025-2026-окуу жылына бакалавриат (1+4 (тил такшалмасы+бакалавр), кесиптик билим (1+3 (тил такшалмасы+кесиптик билим)), магистратура, докторантура программалары боюнча 125 (жүз жыйырма беш) гранттык орунга (стипендия) конкурс жарыяланат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
Бакалавр (1+4 (тил такшалмасы+бакалавр)) багыттары жана кесиптик билим (1+3 (тил такшалмасы+кесиптик билим)) адистиктери боюнча программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди pdf форматта тапшыруу зарыл:
- Англис тилинде же орус тилинде тиркемеде көрсөтүлгөн тандаган билим берүү уюмун жана тандаган багытын (адистигин) көрсөтүү менен актуалдуу резюме;
- Жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү (2026-жылдын 1-июлуна чейин жарактуу болушу керек);
- Англис тилине же кытай тилине которулган жана сөзсүз нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билим жөнүндө документин (орто билим жөнүндө аттестат же орто кесиптик билим берүү жөнүндө диплом, эгерде бүтүрүүчү класстын/курстун окуучусу/студенти болсо, бардык чейректеги/семестрдеги окуган дисциплиналары көрсөтүлгөн окууда жетишкендиги тууралуу маалымкаттын/транскриптин) көчүрмөсү;
- Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган күбөлүгү (HSK ) (эгерде бар болсо, артыкчылык берилет);
- Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (эгерде бар болсо, артыкчылык берилет);
- Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат (милдеттүү түрдө тиркелген форма боюнча) (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу);
- Соттолбогондугу боюнча маалымкат (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу).
Магистра багыттары боюнча программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди pdf форматта тапшыруу зарыл:
- Англис жана орус тилдеринде тиркемеде көрсөтүлгөн тандаган билим берүү уюму жана тандаган багыты (адистиги) көрсөтүлгөн актуалдуу резюме;
- Паспортунун көчүрмөсү (2026-жылдын 1-июлуна чейин жарактуу болушу керек);
- Англис тилине же кытай тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билим жөнүндө документтин (дипломдун (бакалавр же адис) же, эгерде бүтүрүүчү курстун студенти болсо, бардык семестрдеги окуган дисциплиналары көрсөтүлгөн окуудагы жетишкендиги тууралуу маалымкаттын (транскрип)) көчүрмөсү;
- Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү, 4-деңгээлден төмөн болбошу керек;
- Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (артыкчылык берилет);
- Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
- Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат (милдеттүү түрдө тиркелген форма боюнча) (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу);
- Соттолбогондугу боюнча маалымкат (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу).
Докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди pdf форматта тапшыруу зарыл:
- Англис жана орус тилдеринде тиркемеде көрсөтүлгөн тандаган билим берүү уюму жана тандаган багыты (адистиги) көрсөтүлгөн актуалдуу резюме;
- Паспортунун көчүрмөсү (2026-жылдын 1-июлуна чейин жарактуу болушу керек;
- Англис тилине же кытай тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билим жөнүндө документтин (дипломдун (магистр) же, эгерде бүтүрүүчү курстун магистранты болсо, бардык семестрдеги окуган дисциплиналары көрсөтүлгөн окууда жетишкендиги тууралуу маалымкаттын (транскрип)) көчүрмөсү;
- Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө 5- деңгээлден төмөн болбошу керек);
- Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (артыкчылык берилет);
- Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
- Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат (милдеттүү түрдө тиркелген форма боюнча) (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу);
- Соттолбогондугу боюнча маалымкат (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу).
Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:
Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:
- “Кесиптик билим” багытындагы программалар боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин (Кытай тараптын талабы боюнча, эгерде талапкер 18 жашка чыга элек болсо, КЭР жараны өзүнүн мыйзамдуу камкорчулугу жөнүндө тиешелүү юридикалык документтерин берүүсү зарыл);
- “Бакалавр”/кесиптик билим багытындагы программалары боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин (Кытай тараптын талабы боюнча, эгерде талапкер 18 жашка чыга элек болсо, КЭР жараны өзүнүн мыйзамдуу камкорчулугу жөнүндө тиешелүү юридикалык документтерин берүүсү зарыл);
- “Магистр” багытындагы программа боюнча – 35 жашка чейин;
- “Докторантура” программасы боюнча – 40 жашка чейинкилер болушу керек.
1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек:
1-кадам. https://bilim.gov.kg/ky порталы
2-кадам. Чет өлкөдө билим алууга КР жарандарын кабыл алуу порталы https://student.edu.gov.kg/
3-кадам “2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыруу “КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы” графасынын керектүү талааларын толтуруу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2025-жылдын 10-июну саат 23:59га (Бишкек убактысы боюнча) чейин жүктөө керек.
Тутумдагы ар бир билим берүү программасы үчүн каттоо талапкер тандап алган билим деңгээлине (кесиптик билим, бакалавр, магистратура, докторантура) ылайык жүргүзүлөт.
Көңүл буруңуз: документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!
2. Техникалык текшерүү
Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин (Бишкек убактысы боюнча 2025-жылдын 10-июну саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга жооп берери жана бардык керектүү документтердин бар экендиги текшерилет.
Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган 125 талапкердин жалпы тизмеси түзүлөт, мында бардык 125 талапкер грант (стипендия) алууга талапкер болуп калат.
3. Сунушталган талапкерлердин тизмелерин кытай тарапка жөнөтүү
Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлөт, андан кийин тизмелер Кытай тарапка жөнөтүлөт, Кытай тарапта акыркы чечимди кабыл алуу укугу калат.
Стипендиялык программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефон номери боюнча берилет: +996 (312) 621193.
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун кесиптик билим берүү уюмдарынын жана багыттардын/адистиктердин тизмеси