УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

29 Апрель 2025 ж.

УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- мамлекеттик тилди билүү;

- жогорку кесиптик билими бар. 

          Иш тажрыйбасы:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:

- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;

- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;

- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;

- билим берүү уюмунун жетекчиси.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-   арыз;

- резюме;

- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;

- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.

Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде төмөнкү электрондук почта аркылуу 1 документ катары PDF форматта жөнөтөт:

minedukg@gmail.com; edu@mail.gov.kg; 

http://www.kattar.kg/ru/treatment-of-citizens.html;   

https://portal.tunduk.kg .

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 30-апрели саат 9:00дон тартып 2025-жылдын 23-майы саат 14.00 чейин.

Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0705155844

Чалуу жумуш күндөрү саат 9:00 – 18:00 чейин.

Арыздын формасы

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар