«Мыкты кесиптик лицей» республикалык сынагы жарыяланды

21 Январь 2022 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык илимий-методикалык борбор башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кесиптик лицейлеринин арасында “Мыкты кесиптик лицей” республикалык кароо-сынагын өткөрөт.

Сынак:

- окуу-методикалык ишти жана кесиптик-педагогикалык чеберчиликти жакшыртууга;

- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого, чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө жана түрткү берүүгө;

- окуу жайларды, таланттуу жана жогорку кесипкөй инженердик-педагогикалык кызматкерлерди колдоого жана көтөрмөлөөгө багытталган.

Сынак 3 этапта өткөрүлөт: тандоо, областтык (буга Бишкек, Ош шаарлары да кирет), республикалык. Сынактын жыйынтыктары 2022-жылдын июнь айында чыгарылат.

Сынак тууралуу кеңири маалыматты “Мыкты кесиптик лицей” республикалык кароо-сынагы тууралуу жободон окуй аласыз: https://edu.gov.kg/organizations/posts/300/

Сынакка катышууга өтүнмөлөр жана сынактык материалдар rahimdinov61@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Маалымат алуу үчүн байланыш:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эрмек Аида, телефону: (312) 662609, электрондук дареги: aidaermek5@gmail.com

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар