2022-жылдын октябрынан тартып Европа Комиссиясында 5 айлык акы төлөнүүчү такшалтмага өтүнмөлөрдү кабыл алабыз

14 Январь 2022 ж.

Бул – эл аралык чөйрөдө карьера баштоого эң сонун мүмкүнчүлүк.

Өтүнмөлөрдү берүү үчүн төмөнкүлөр керек:

🎓жогорку билим (жок дегенде 3 жылдык бакалавриат);

💬англис, француз же немец тилин С деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүү;

📚Европа Биримдигинин экинчи расмий тилин абдан жакшы билүү;

🙅Европа Биримдигинин кайсы институтунда болбосун 6 аптадан ашуун эмгек стажынын болбошу.

Жаш куракка байланыштуу чектөөлөр жок, андыктан өтүнмөлөрдү окууну жакында эле аяктаган бүтүрүүчүлөр да, ушул тапта иштеп жаткан кесипкөйлөр да тапшыра алышат.

⏳Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 31-январга чейин.

🔗Өтүнмөлөрдү кабыл алуу: traineeships.ec.europa.eu

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар