К. КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЫЗМАТ ОРДУНА ТОНДОО ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

7 Февраль 2025 ж.

  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна тандоо өткөрүүнү жарыялайт.

          Тандоого 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.

ЖОЖдун жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

   1) жогорку кесиптик билим;

   2) окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын болушу (илимдин кандидаты/доктору PhD, доцент);

   3) илимий же илимий-педагогикалык иштеги 5 жылдан кем эмес стажы.

ЖОЖдун жетекчиси билүүсү зарыл:

    1) Кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү, билим берүү мекемелеринин билим берүү, илимий, өндүрүштүк-чарбалык жана финансы-экономикалык ишин жөнгө салуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

    2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жана илимий ишинин артыкчылыктуу багыттары;

    3) Билим берүү системаларын башкаруу теориясы жана методдору;

    4) Кесиптик билим берүүнүн адистерин даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтер;

     5) Салык, экономикалык жана экологиялык, эмгек мыйзамдарынын негиздери;

     6) Чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин кесиптик билим берүү жаатындагы илимий жетишкендиктери жана алдыңкы тажрыйбасы.

Кызматтык милдеттери:

 1) ЖОЖдун ишин уюштурат, жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана жүктөлгөн функциялардын аткарылышы жана милдеттердин ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

 2) ЖОЖдун компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитет жана алардын аткарылышына жалпы контролду ишке ашырат;

 3) ЖОЖдун ишинин натыйжасы, билим берүүнүн сапаты жана адистерди даярдоо мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келиши, жождун илимий, финансылык жана чарбалык ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;

   4) ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштурат жана чечимдерге кол коет;

 5) Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча жогору турган органдарда, мекемелерде, уюмдарда, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда ЖОЖдун атынан чыгат;

  6) ЖОЖдун мүлкүн жана анын каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат, чыгымдар сметасын бекитет жана кредиттерди тескөөчү болуп саналат;

 7) Өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерге, кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коет;

 8) ЖОЖдун уставына ылайык анын кадрдык курамын, түзүмүн түзөт жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;

 9) Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга окуу иштери боюнча проректор кызмат ордуна талапкерди сунуштайт;

  10) ЖОЖдун кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрөт.

 11) Институттун кызматкерлерин сыйлоо маселелерин белгиленген тартипте чечет жана жогору турган органдардын ведомстволук сыйлыктары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;

 12) ЖОЖдун кызматкерлерин ишке кабыл алууну (контракттарды түзүү менен) жана иштен бошотууну жүзөгө ашырат, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөөнүн белгиленген тартибин сактоону камсыз кылат;

  13) ЖОЖдун курамына кирген бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, алардын компетенциясын аныктайт;

 14) Жамааттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча ардак наамдарды жана даражаларды ыйгарууга талапкерлерди ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешине сунуштайт;

  15) ЖОЖдун компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, ЖОЖдун бардык кызматкерлери жана окуп жаткандар аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;

 16) ЖОЖду өнүктүрүүнүн стратегиясын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, ишти программалык пландаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат;

   17) ЖОЖдун уставында каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.

 

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1) жеке арыз;

  2) кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча;

  3) 3х4 сүрөт (2шт);

 4) резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

  5) ЖОЖдун окумуштуу катчысы менен күбөлөндүргөн илимий эмгектердин тизмеси;

  6) паспорттун көчүрмөсү;

 7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын   29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык билими, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн окумуштуулук даражасы жана наамы тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

  8) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  9) КР ИИМ тарабынан берилген соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат;

  10) ЖОЖду өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 7-февралынан тартып 20-февраль, саат 18:00 чейин.

Дареги: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 210-каб.

Сурап-билүү телефондору: 0312 - 66-47-19, (Касымова Мадина - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси).

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар