МИНИСТРЛИК БАШКЫ, УЛУК, КЕНЖЕ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

3 Февраль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башкы (борбордук аппарат жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү), улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 4-февралынан тартып 2025-жылдын 14-февралына чейин ачык сынак жарыялайт.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- жеке арыз;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); 
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); 
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билими (эгер бар болсо) бар экенин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.  

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 4-февралынан тартып 2025-жылдын 13-февралына саат 18.00 чейин.  
Сурап билүү үчүн телефон: (0312) 620 509, № 219 кабинет (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Аида Эрмек).

Толугураак маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар