Кытайдын жогорку окуу жайларындагы гранттык окууга конкурс 17-январга чейин узартылат

10 Январь 2022 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 10-декабрында жана 24-декабрында жарыяланган 2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу жана тилдик такшалтмадан өтүү үчүн конкурстар 2022-жылдын 17-январына чейин узартылганын билдирет.  

Эске сала кетсек, каалоосу бар талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине жараша http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында («2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») каттоодон өтүүсү, зарыл болгон талаачаны толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар