КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери Квалификация: 7138 Сырдоочу

12 Декабрь 2024 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери

Квалификация: 7138 Сырдоочу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

 

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жалпы курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

интеграцияланган программа – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч  билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн

Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери

(7138 Сырдоочу) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү

7. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен - 2-3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика негизги билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында: имараттардын ичин жана сыртын сырдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча квалификациялуу жумушчуларды даярдоо, “Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламентке жана долбоордук-сметалык документтерге ылайык инженердик курулмаларды сырдоо;

- инсанды тарбиялоо жаатында: окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.

12. Экономикалык иштин түрү: Курулуш. Экономикалык иштин түрчөсү: Атайын курулуш иштери.

13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү:

- турак жай, өнөр жай жана коомдук имараттардын курулуш аянты;

- курулуш бирикмелери;

- оңдоо-курулуш компаниялары;

- курулуш конструкцияларынын ар кандай түрлөрү.

14. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: курулуш жабдууларынын жана материалдарынын ар кандай түрлөрү, жеке коргонуу каражаттары, коопсуздук белгилери, плакаттар, коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмө берүү журналы, нускама-технологиялык карталар, сырдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражаттар.

15. Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү:

- курулушту аяктоо жана жасалгалоо иштери;

- сырдоо жана айнек боюнча иштер.

16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:

- жумуш процессин уюштуруу;

- беттерди сырдоо жана туш кагаздарды чаптоодогу даярдык иштери;

- сырткы жана ички беттерди өңдөө;

- мурда сырдалган беттерди реставрациялоо;

- сырдоо иштерин бүтүрүү.

17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик ишке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу

шарттарына карата жалпы талаптар

18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5-бөлүм. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу)  кесиби  боюнча билим берүү программасына карата талаптар

25. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу)  кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Аспаптарды, жабдууларды жана жумушчу материалдарды тандоого жөндөмдүү;

КК-2. Көмөкчү каражаттарды монтаждоо жана демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү;

КК-3. Беттерди сырдоодо жана туш кагаздарды чаптоодо даярдык иштерин аткарууга жөндөмдүү;

КК-4. Беттерди шпатлевкалоого жана грунттоого жөндөмдүү;

КК-5. Беттерди ар кандай курамдар менен сырдоого жөндөмдүү;

КК-6. Беттерге туш кагаздарды жана пленкаларды чаптоого жөндөмдүү;

КК-7. Беттерди көркөм жана декоративдик жасалгалоо ишин аткарууга жөндөмдүү;

КК-8. Калыбына келтирүү иштерин жана мурда сырдалган беттерди оңдоого жөндөмдүү;

КК-9. Оңдоо үчүн беттерди даярдоого жөндөмдүү;

КК-10. Сырдалган катмарларды оңдоого жөндөмдүү.

КК-11. Аткарылган иштин сапатын текшерүүгө жана баалоого жөндөмдүү; аспаптарды, жабдууларды жана жумуш ордун тазалоо.

26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү  программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемесинде каралган, окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27.Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу)  кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

1. Чмырь В.Д. Материаловедение для маляров. Окуу китеби. М. «Жогорку мектеп», 1987;

2. Белоусов Е.Д. Технология малярных работ. Окуу китеби. М. «Жогорку мектеп», 1980;

3. Ивлиев А.А. Отделочные строительные работы Окуу китеби. М.   «Академия», 2008;

4. Андреев В.С. Современные отделочные материалы в интерьере дома. Ростов на Д., Феникс, 2006;

5. Скиба В.И. Новейшие технологии отделки помещений. Ростов на Д., Феникс, 2007;

Курулуш альбомдору, чертеждор жана схемалар;

Ченемдик-техникалык документтер.

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга жана колдонуудагы санитардык жана өрткө каршы ченемдерге ылайык келүүгө тийиш:

- аспаптардын, шаймандардын топтому менен жабдылган окуу-өндүрүштүк устакана /лаборатория: жыгач сүргүч; жыгач жана металл туткасы бар болот шпателдер; резина учтуу шпателдер; болот кыргычтар; кескичтер; пемза; чаң соргуч; компрессор; скотч – пленка; рогожа щеткасы, маховой кист; валиктер; рулетка (өлчөө диапазону 0-5 мм); тепкич; сырдоочу пульт; электр сырдоочу пульттар; сыр чачуучу пситолеттер; жеке коргонуу каражаттары, керектүү сарпталуучу жана таратуучу материалдар;

- кабинеттер:

- жасалгалоо (сырдоо) иштеринин технологиялары;

- материал таануу;

- эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология;

- маалыматтык технологиялар.

- окуу устаканалары (жасалгалоо иштери);

- өндүрүштүк устаканалар,

- полигондор (жасалгалоо иштеринин участогу).

- залдар: китепкана; окуу залы; жыйындар залы; спорт зал.

- медициналык пункт, ашкана.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Маляр” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары:

- интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио, тестирлөө;

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

 

Жасалгалоо курулушиштеринин чебери  (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

 

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

10 ай

2 ж.

1

ДЖЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

   билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

- кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын; 

көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.

 

   билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

  көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартуу;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоо;

- рационалдуу тамактанууну сактоо;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткарууга жана чыйралуу.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

3 кр/90 с.

240 с.

Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

ЖК - 2

ЖК - 3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1

ЖК-3,4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

Дисциплиналардын жалпы техникалык цикли

1232 с.

2434 с.

56 кр /1680 с.

2532 с.

 

 

2.

ДЖТЦ

билүүгө тийиш:

- курулуш үчүн конструктордук документтердин бирдиктүү системасынын жана долбоордук документтердин системасынын талаптарын;

- чиймелерди жана схемаларды түзүүнүн негизги эрежелерин, ченемдик-техникалык документтердин түрлөрүн;

- курулуш чиймелеринин, долбоорлордун, жумуш өндүрүшүнүн схемаларынын түрлөрүн;

- чогултуу чиймелери жөнүндө жалпы маалыматты;

- чиймелерде колдонулуучу шартуулуктун жана жөнөкөйлөтүүлөрдүн багытын;

- жумушчу чиймелерди иштеп чыгуу жана окуу эрежелерин;

- конструктордук, технологиялык жана башка ченемдик документтердин негизги жоболорун;

- техникалык жана технологиялык документтерди окуу эрежелерин, өндүрүштүк документтердин түрлөрүн.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- архитектуралык-курулуш чиймелерин, долбоорлорун, иштердин өндүрүш схемаларын окуу.

 

билүүгө тийиш:

- туруктуу жана өзгөрүлмө электр тогу жөнүндө негизги түшүнүктөрдү, өткөргүчтөрдүн жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтырууну, токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун өлчөө бирдиктерин;

- өткөргүчтөрдүн, электр жана магнит талааларынын каршылыгын;

- электр чоңдуктарын өлчөөнүн маңызын жана методдорун, өлчөөчү приборлордун конструкциялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн;

- электротехниканын негизги мыйзамдарын;

- графикалык сүрөттөөнүн жана электр схемаларын түзүүнүн түрлөрүн жана эрежелерин;

- электр чынжырларын эсептөө ыкмаларын;

- электр техникалык приборлордун жана электр машиналарынын шарттуу белгилерин;

- электр тармактарынын негизги элементтерин;

- электр өлчөө приборлорунун, электр машиналарынын, башкаруу жана коргоо аппаратураларынын иштөө принциптерин, түзүлүшүн, негизги мүнөздөмөлөрүн, электр менен жабдуу схемаларын;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарын, алардын түзүлүшүн, ишке киргизүү, токтотуу эрежесинин иштөө принцибин;

- электр энергиясын үнөмдөө ыкмаларын;

- электротехникалык материалдардын түрлөрүн жана касиеттерин;

- электр приборлору менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жердетүүнүн, туташтыруунун аткарылышын контролдоо;

- электр жабдууларынын иштөө параметрлерин контролдоо;

- колдонулуп жаткан жабдууларга орнотулган электр кыймылдаткычтарын иштетүүгө жана токтотуу;

- коопсуздук техникасынын ченемдерин жана пайдалануу эрежелерин сактоо менен иштин көрсөткүчүн алуу жана электр жабдууларын пайдалануу;

- негизги, электрдик жана монтаждык схемаларды окуу;

 

 

 

 

Курулуш чиймелеринин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электротехниканын негиздери

 

 

 

 

 

ЖК-1

ЖК-3,4

КК-1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1

ЖК-3,4

КК-1-3,

КК-5

 

3.

ДЖКЦ

Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- тандалган артыкчылыктарга ылайык чакан бизнес ишканасын түзүү боюнча иштин алгоритмин:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү даярдоо;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө тийиш:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо;                                           

  - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;                    

 - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгууга жана контролдоо.

 

билүүгө тийиш:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- азык-түлүк өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

билүүгө тийиш:

- сырдоо иштерин аткарууда колдонулуучу материалдардын түрлөрүн;

- беттерди сырдын чачырашынан сактоочу материалдарды;

- негизги тазалоочу жана нейтралдаштыруучу эритмелердин, грунттардын, сиңдирүүчү материалдардын түрлөрүн жана касиеттерин;

- туш кагаз чаптоо иштеринде колдонулуучу материалдардын сапатына коюлуучу талаптарды;

- сырдоо иштерин аткарууда колдонулуучу материалдардын касиеттерине карата талаптарды.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- сырдоо иштерин аткаруу үчүн материалдардын түрлөрүн колдонуу;

- сырдоо иштерин жүргүзүү үчүн керектүү материалдардын сапатын аныктоо;

- сырдоо иштерин жүргүзүү үчүн колдонулган материалдардын касиеттерин айырмалоо.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттерди  укуктук жактан камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Материал таануу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-4

ЖК-5,6

КК-2,3,7,9,

11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-4

КК-1-11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-6

КК 1-3,5,9.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-4

КК 2-3,7,9.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДКЦ**

КМ 01-0N

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Базалык бөлүк: кесиптик модулдар

Кесиптик циклдерди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

билүүгө тийиш:

- нускамалык-технологиялык карта боюнча талаптарды (НТК);

- тобокелдик факторлорун,

- жумуш процессин ийгиликтүү уюштуруу үчүн кемчиликтерди, жумуш ордундагы ылайык келбестиктерди;

- жумуш ордундагы коопсуздук эрежелерин (электр коопсуздугу, өрт коопсуздугу, экологиялык коопсуздук);

- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин;

- электр аспаптарын жана механизмдерин иштетүү эрежелерин;

- сырдоо жана чаптоо үчүн беттерди даярдоо ыкмаларын жана эрежелерин;

- кол куралдардын жана каражаттарын колдонуу эрежелерин жана багыттарын;

- чаң соргучтардын жана компрессорлордун иштөө эрежелерин, иштөө принцибин жана колдонуу шарттарын;

- даярдык иштерин аткарууда коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугу боюнча нускамаларды;

- олиф, грунт, сиңдирүүчү материалдарды, нейтралдаштыруучу жана тазалоочу эритмелерди колдонуу эрежелерин;

- тазалоочу эритмелер менен иштөөдө жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин.

 

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- НТК менен иштөө;

- жетекчиликти жумуш ордунда аныкталган кемчиликтер жөнүндө өз убагында жана туура маалымдоо.

- беттерди тазалоо үчүн металл шпателдерди, кыргычтарды, щеткаларды колдонуу эрежелери;

- беттерди тазалоо үчүн чаң соргучту колдонуу эрежелери;

- эски сырды тазалоо;

- беттерди сырдын чачырашынан сактоо үчүн коргоочу материалдарды орнотуу (скотч, пленка);

- нейтралдаштыруучу жана тазалоо эритмелеринин компоненттерин өлчөөгө жана аралаштыруу;

- тазалоо эритмелери менен иштөөдө коопсуздук техникасын сактоо;

- бетке кол менен сырды чачыратуучу грунтт тартуу;

- бетке чапталган туш кагазды көбүкчөлөрсүз жана сыйрылбастан жабышуусун камсыз кылуу;

- бетте рельеф түзүү жана атайын аспаптын жардамы менен фактуралык боёо;

- аэрографиялык шаймандарды жана аспаптарды колдонуу;

- беттерди декоративдик лактоо үчүн шаймандарды колдонуу;

- оймо салуу жана кол менен сүрөт тартуу үчүн шаймандарды колдонуу.

 

билүүгө тийиш:

- сырдоо жана чаптоо үчүн беттерди даярдоо ыкмаларын жана эрежелерин;

- шпатлевка кошулмаларын даярдоо жана аралаштыруу ыкмаларын;

- шпатлевка кошулмаларын бетке кол менен тартуу ыкмаларын;

- шпатлевка кошулмаларынын негизги касиеттерин, сортун, маркировкасын;

- грунтовкаларды бетке тартуу ыкмаларын жана грунтовканын сапатына коюлган негизги талаптарды;

- кол менен сырды чачыратуучу пульттун түзүлүшүн, иштөө принцибин, иштөө эрежелерин;

- жылмалоо иштерин аткаруу ыкмаларын;

- грунтовка кошулмаларынын негизги касиеттерин, сортун, маркировкасын;

- беттерди грунтовкалоо жана жылмалоодо эмгек, өрт жана электр коопсуздугу боюнча нускамаларды.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- шпатлевка кошулмаларынын компоненттерин өлчөө;

- шпатлевка кошулмасын кол менен тартуу үчүн шаймандарды колдонуу;

- грунт кошулмасын кол менен чачуу үчүн аспаптарды жана шаймандарды колдонуу;

- грунтту чачыратуучу факелди толтуруу, жөндөө;

- грунтовканы кол менен иштеген сыр пульту менен бетке чачыратуу.

 

билүүгө тийиш:

- шпатлевка кошулмаларын механикалаштырылган ыкма менен бетке тартуу ыкмаларын;

- механизмдерди иштетүү эрежелерин, алардын түзүлүшүн, иштөө принцибин;

- механикалаштырылган шайман менен беттерди грунтовкалоо жана жылмалоо үчүн эмгек коопсуздугу, өрт коопсуздугу жана электр коопсуздугу боюнча нускамаларды.

 

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- шпатлевка курамын механикалаштырылган ыкма менен тартуу үчүн аспаптарды колдонуу;

- шпатлевка кошулмаларын механикалаштырылган ыкма менен бетке тартуу;

- механизмдерди иштетүү эрежелери, алардын түзүлүшү, иштөө принциби;

- механикалаштырылган ыкма менен беттерди грунтовкалоо жана жылмалоо үчүн эмгек коопсуздугу, өрт коопсуздугу жана электр коопсуздугу боюнча нускамаларды аткаруу.

 

билүүгө тийиш:

- туш кагаз чаптоо иштерин жасоодо колдонулуучу желимдердин негизги касиеттерин, сортторун, маркаларын;

- желимди даярдоо эрежелерин жана ыкмаларын;

-туш кагазды кол менен кесүү ыкмаларын;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- механикалаштырылган ыкма менен шпатлевка курамын тартуу үчүн аспаптарды пайдалануу;

- шпатлевка курамдарын механикалаштырылган ыкма менен бетке тартуу;

- түзүлүш менен иштөө, механизмдерди пайдалануу эрежелерин колдонуу;

- беттерди механикалыштырылган ыкма менен грунттоо жана жылмалоо учурунда эмгек коопсуздугу, өрт коопсуздугу жана электр коопсуздугу боюнча нускамаларды аткаруу;

- компоненттерди өлчөө, аралаштыруу;

- берилген курамга жана тиешелүү консистенцияга ылайык клей даярдоо;

- туш кагазды кол менен кесүүдө четин тегиз кылуу;

- желимдөөчү курамды кист, валик, сыр чачуучу пульттар менен тартуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сырдоо иштерин аткаруу технологиясы

 

Жабдуулар, аспаптар жана шаймандар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ички жана сырткы беттерди жасалгалоо технологиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сырдоо иштеринин технологиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-5

КК 1-3;

КК 9,11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 1-3; КК 9,11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 3-4;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 6-9;10;11;

 

 

 

билүүгө тийиш:

- колдонулуучу лак жана боек материалдарынын жана сырлардын негизги касиеттерин, сортторун, маркаларын;

- сырдалган жана акталган беттердин сапатына коюлуучу талаптарды;

- сыр кошулмаларын даярдоо эрежелерин жана ыкмаларын;

- колерди тандоо эрежелерин жана ыкмаларын;

- лактарды, боекторду, аки таштарды бетке кол менен жана механикалаштырылган ыкмалар менен чачуу ыкмаларын жана эрежелерин;

- декоративдик каптоого сырдоо иштерин жүргүзүү эрежелерин жана ыкмаларын;

- жогорку басымдагы боек агрегаттарынын түзүлүшүн жана иштөө эрежелерин;

- лак жана боек материалдары менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш

- туш кагазды кол менен кесүүдө четин тегиз кылуу;

- желимдөөчү курамды кист, валик, сыр чачуучу пульт менен тартуу;

- чапталган туш кагаздардын бетиндеги тактарды кетирүү;

- туш кагаз чаптоочу шаймандары колдонуу;

- боек кошулмаларынын компоненттерин берилген рецепт боюнча өлчөө жана аралаштыруу;

- боек кошулмаларын даярдоодо колерди тандап алуу;

- лактарды, боекторду жана сырларды чачууда шаймандарды жана аспаптарды колдонууга;

- беттерди сырдоодо механикалаштырылган аспапты жана жогорку басымдагы агрегатты колдонууга;

- беттерди фальцовкалоодо, чүркөөдө жана филенканы көлөкө түшүрүү менен жасоо үчүн аспаптарды колдонууга;

- беттерди эки же андан көп тонго боёо үчүн шаймандарды жана аспаптарды колдонууга.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Оңдоо иштери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-3,5,6

КК-7,8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

кесиптик компоненттин 10%

 

 

6

ӨБ; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар БП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% 28-30 кр./840-900 с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-5

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

54 с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

БАРДЫГЫ

БПнын жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр 1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

                   

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

 

Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7138 Сырдоочу) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан (КР БИМдин алдындагы РИМБнын 2023-жылдын 3-мартындагы №1/11 “Республикалык илимий-методикалык борбордун алдындагы Окуу-методикалык бирикмелер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу).

 

 

 

Орунтаев Таалайбек

   - №18 КЛдин директору, 

     ОМБнын төрагасы

 

 

__________

ОМБнын мүчөлөрү:

 

 

 

Омурзакова Зейнеп Айтбаевна

 

-    РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы

 

 

 

Момункулова Гүльмира Торогуловна

   - №4 КЛдин методисти                           

 

__________

Кудабаев Толобек Осмонович

   - №5 КЛдин ОӨУИ боюнча директорунун орун басары

 

__________

Эстебесова Айни Бейшеналиевна

    - №5 КЛдин атайын дисциплиналардын окутуучусу

 

___________

Черноволос Роман Николаевич

    - “Алина” Дистрибьюшен ЖЧКнын ОТЭК жетектөөчү адиси

 

__________

Молдобаев Тилек Шайлообекович

    - КМБ-7 ААК ПСФ директору

 

__________

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар