Венгриянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн 2022-2023-окуу жылына тандоо башталды

10 Декабрь 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык, 2022-2023-окуу жылына Венгриянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн кыргызстандык студенттер үчүн тандоо башталды.

Жогорудагы меморандумга ылайык, жыл сайын Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасы Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алуу үчүн гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура).

Эскертүү: Аталган гранттар венгр өкмөттүк Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Темпус коомдук фонду аткарат.

Алдын ала сынактык тандоого төмөнкүлөр катыша алат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • 2004-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2022-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;
  • 2022-жылдын 14-январь саат 23:59га чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеген жана ушундай эле жумушту кыргыз тараптын онлайн системасында да 2022-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин аткарган жана эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер.

Кыргызстандын онлайн системасына жүктөй турган документтердин тизмеси:

  • Англис жана орус тилдериндеги резюме;
  • Билими жөнүндө документ СӨЗСҮЗ түрдө чыгарылган орто балл менен (аттестат/дипломдун көчүрмөсү. Эгер талапкер окуп жатса – орто балл чыгарылган табель/транскрипт);
  • Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган документ, акыркы жыл үчүн (TOEFL же IELTS) Эгер жок болсо, TOEFL же IELTS тестин тапшыруудагы биринчи жыйынтыгы киргизилет;
  • Изилдөө планы (Research plan) – магистратура жана докторантура программалары үчүн гана;
  • Сунуштама кат;
  • Талапкердин, сертификат, диплом, грамота, макала, илимий публикацияларынын жана башка жетишкендиктеринин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
  • 086 медициналык аныктамасы (же болбосо чет өлкөгө билим алуу үчүн чыгууга бериле турган аныктама);
  • ВИЧ/СПИДдин жоктугун тастыктаган аныктама;
  • Соттолбогондугу боюнча аныктама;
  • Үй-бүлө курамы жөнүндө аныктама;
  • Улуттук паспортунун көчүрмөсү (ID-card) (18 жашка толо элек жана паспорт ала электер – Туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Чет өлкөгө чыгуучу паспорттун көчүрмөсү (жалпы жарандык паспорт) (эгер бар болсо).

«Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» онлайн-системасына жүктөй турган дркументтердин тизмеси төмөндөгү сайтта жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu

2022-2023-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн төмөндөгү багыттар боюнча 200 гранттык орун бар:

  • Бакалавриат программалары 100 орун: айыл чарба, искусство жана гуманитардык илимдер, социалдык, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, инженердик, экономикалык илимдер, медицина, педагогикалык, спорттук, табигый илимдер, искусство жана көркөм өнөрдүк билим;
  • Магистратура программалары – 50 орун: айыл чарба, искусство жана гуманитардык илимдер, социалдык, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар, юридикалык, экономикалык, инженердик илимдер, медицина жана саламаттыкты сактоо, педагогикалык, спорттук, табигый илимдер жана искусство;
  • Бир деңгээлдүү магистрдик программа – 50 орун: айыл чарба, инженердик илимдер, медицина жана саламаттыкты сактоо, искусство;
  • Кызыктарган бардык багыттар боюнча доктордук даража үчүн – 20 орун ажыратылган.

Программанын стипендиаттарына төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программалар үчүн ай сайын 43 700 форинт, докторантура программасынын студенттерине биринчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 140 000 форинт жана экинчи билим алуу этабы үчүн (4 семестр) – 180 000 форинт;
  • ЖОЖдордун жатаканасы же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин).
  • Медициналык камcыздандыруу.

Көңүл буруңуздар: Стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

Биринчи окуу жылында (биринчи эки семестрде) бакалавриат жана магистратура программаларында окуган студенттер өз университеттеринде “Венгр тили чет тил катары” предмети боюнча сабактарга катышууга милдеттүү жана экинчи семестрдин аягында ушул сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышы зарыл.

Эгерде стипендиаттар венгр тили боюнча жыйынтыктоочу экзаменден өтпөй калышса, алардын айлык стипендиясы 30,000 форинтке чейин кыскартылат. Эгерде стипендиаттар "Венгр тили чет тил катары" сабагына катышкандан баш тартышса, алар ай сайын берилүүчү стипендиядан айрылышат.

Көңүл буруңуздар! Докторантура программаларына катышуу эрежелери жана документтерге коюлган талаптар бакалавриат жана магистратура программаларынын эрежелеринен жана талаптарынан бир аз айырмаланып турат.

Бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2022_2023_final.pdf 

Докторантура программаларына катышуу шарттары төмөндөгү шилтемеде жеткиликтүү: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/03/PhD_Call_for_Applications_2022_2023_final.pdf

Көңүл буруңуздар! Венгрияга окууга жөнөтүлгөн программанын стипендиаттары менен үч тараптуу Келишим түзүлөт, анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, талапкер өзү жана анын өкүлү/кепили (ата-энеси же жубайы) тараптар болушат. Бул үч тараптуу келишимге ылайык, стипендиаттар программанын эрежелерин сактап, окуудагы жетишкендиктери жөнүндө өз убагында маалымат берип, ошондой эле окуу мезгили аяктаганда Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө милдеттендирилет.

1. Талапкерлер Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн системасында 2022-жылдын 14-январында саат 23:59га чейин, ал эми кыргыз тараптын онлайн-системасында 2022-жылдын 15-январында саат 23:59га чейин каттоодон өтүшү керек.

2. Тандоо сыноосу жана техникалык текшерүү 2022-жылдын январь-февраль айларында өткөрүлөт.

3. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сунушталган талапкерлердин тизмесин Венгрия тарапка жөнөтүү 2022-жылдын февраль айында жүргүзүлөт.

4. Венгриянын университеттери тарабынан сунушталган өтүнмөлөрдү кароо жана стипендия берүү чечими 2022-жылдын март-август айларында жүргүзүлөт.

5. Стипендияларды кабыл алуу, үч тараптуу келишимди түзүү жана стипендиаттардын Венгрияга кетиши 2022-жылдын август айында ишке ашырылат.

1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу

Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу Венгрия тараптан Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн-системасы https://apply.stipendiumhungaricum.hu аркылуу, ал эми кыргыз тараптан  https://student.edu.gov.kg онлайн-системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Талапкерлер төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:

  • https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасына катталып, тиешелүү форманы толтуруп, керектелген документтерди 2022-жылдын 14-январына саат 23:59га чейин жүктөшү керек;
  • https://student.edu.gov.kg системасына катталып, керектелген бардык документтерди 2022-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр, ошондой эле 2004-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн талапкерлердин өтүнмөлөрү автоматтык түрдө четтетилет!

Stipendium Hungaricum программасы боюнча толук маалымат, анын ичинде документтерге болгон талаптар, өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрү, ошондой эле эң көп берилген суроолорго жооптор https://stipendiumhungaricum.hu/ сайтында жайгаштырылган.  

2. Тандоо сыноосу жана техникалык текшерүүнү өткөрүү

1. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин, бардык берилген өтүнмөлөрдүн талаптарга шайкештиги (жаш курагы жана бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Венгр жана кыргыз онлайн-системаларында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноосуна катышууга уруксат берилет (алдын ала тандоо).

2. Алдын ала тандоо

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт.

Көңүл буруңуздар! Алдын ала тандоо болжол менен 2022-жылдын феврал айында өтөт. Конкурстук тандоонун датасы жана убактысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына алдын ала жарыяланат. Мындан сырткары кыргыз тараптын онлайн-системасына (https://student.edu.gov.kg) катталып, техникалык текшерүүдөн өткөндөргө конкурстук тандоонун датасы жана убактысы алардын (талапкерлердин) жеке кабинетине жөнөтүлөт.

Конкурстук тандоо өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Бакалавр программасы үчүн:
  1. Берилген документтерге ылайык – орточо баа;
  2. Берилген документтерге ылайык (TOEFL же IELTS) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;
  3. Компьютердик тестирлөөдөн өтүү;
  4. Англис тилинде жазылган эссени баалоо.
  • Бир деңгээлдүү магистрдик программа үчүн:
  1. Берилген документтерге ылайык – орточо баа;
  2. Берилген документтерге ылайык (TOEFL же IELTS) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;
  3. Компьютердик тестирлөөдөн өтүү;
  4. Аңгемелешүү.
  • Магистратура жана докторантура программалары үчүн:
  1. Берилген документтерге ылайык – орточо баа;
  2. Берилген документтерге ылайык (TOEFL же IELTS) – англис тилин билүү деңгээлин баалоо;
  3. Англис тилинде жазылган изилдөө планын (Research Plan) баалоо;
  4. Аңгемелешүү.

Эскерте кетүүчү нерсе, алдын ала тандоонун бетме-бет этабына, башкача айтканда, тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат.

Көңүл буруңуздар! Объективдүүлүктү камсыздоо максатында жана тандоо, эксперттик жана апелляциялык комиссиялардын ички пайдалануусу үчүн сынактык тестирлөөнүн жүрүшүндө фото жана видеосъемка жүргүзүлөт. Бул тасма сынактын катышуучуларына, алардын ата-энелерине же башка жарандарга берилбейт.

3. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сунушталган талапкерлердин тизмесин Венгрия тарапка жөнөтүү

Алдын ала тандоонун жыйынтыгынын негизинде сунушталган 200 талапкердин тизмеси түзүлөт жана кошумча тизмеге сунушталган талапкерлердин 50 пайызга чейинкиси камтылат.

Негизги жана кошумча тизмеге кирген бардык катышуучулар стипендия алууга бирдей деңгээлде талапкер болушат.

4. Венгрия тарабынан сунушталган өтүнмөлөрдү кароо жана стипендия берүү жөнүндө акыркы чечим

Талапкерлер каттоо учурунда тандаган жогорку окуу жайлардын жана программалардын артыкчылыгына (first choice, second choice) ылайык, кыргыз тарап сунуш кылган талапкерлердин документтери Венгриянын жогорку окуу жайларына жөнөтүлөт.

Андан аркы тандоо ар бир университеттин кирүү талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгына ылайык, ЖОЖдор Темпус коомдук фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өздөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиги жөнүндө маалымдашат, бирок талапкерлердин университеттен мындай тастыктаманы алышы стипендия берүү боюнча акыркы чечим эмес.

Сунушталган талапкерлерге стипендия берүү же бербөө боюнча акыркы чечимди Венгриядагы жогорку окуу жайларынын тастыктамаларынын негизинде Темпус коомдук фондунун Камкорчулар Кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

5. Стипендияларды кабыл алуу, үч тараптуу келишим түзүү жана стипендиаттардын Венгрияга кетиши

Стипендия берүү жөнүндө акыркы чечимди алгандан кийин, талапкерлер венгр онлайн-системасында стипендияны кабыл алгандыгын тастыкташы керек жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен үч тараптуу келишимди түзүшү керек. 

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

 

Пайдалуу шилтемелер:

Программа жөнүндө маалымат: https://stipendiumhungaricum.hu/

Бакалавриат жана магистратура, бир деңгээлдүү магистрдик программаларга катышуу шарттары: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Докторантура программаларына катышуу шарттары: https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/PhD_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Кыргызстандын онлайн каттоо системасы: https://student.edu.gov.kg

Венгриянын онлайн каттоо платформасы: https://apply.stipendiumhungaricum.hu/

Университеттерди жана программаларды издөө: https://stipendiumhungaricum.hu/study-finder/

Венгрияда жашоо наркынын онлайн калькулятору: http://www.studyinhungary.hu/living-in-hungary/menu/your-costs-of-living.html

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар