Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

23 Апрель 2024 ж.

Кыргыз  Республикасынын  “Билим  берүү  жөнүндө” Мыйзамынын  жана  “Көзөмөлчүлүк  кеңеши  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  6-беренесине  ылайык  КР  Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  карамагындагы  мамлекеттик  жана  муниципалдык билим  берүү  уюмдары  үчүн  Көзөмөлчүлүк   кеңештерин  түзүү боюнча  комиссиясы балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук  борборунун  Көзөмөлчүлүк кеңешинин  курамын  бекитүү үчүн конкурска  катышууга  арыздарды  кабыл алууну  жарыялайт.

__________________________________________________________________

“Көзөмөлчүлүк  кеңеши жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  6-беренесинин  1-бөлүгүнө ылайык:

Кеңештин мүчөсү катары  төмөнкүлөр  боло  алышат:

  1.  Социалдык чөйрөдөгү мекемелерде  же  коомдук  иште иш тажрыйбасы  бар Кыргыз Республикасынын  аракетке  жөндөмдүү жарандары.
  2. Ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим  берүү  уюмдарынын,  маданий жана  социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк  эмес жана эл аралык  уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, окуучулар  жана  ата-энелердин      коомдук   бирикмелеринин өкүлдөрү.

Көзөмөлчүлүк  кеңештин мүчөлөрүн тандоо  конкурсуна  катышууну каалаган  талапкерлердин  арызына төмөнкү документтер  тиркелет:

  • конкурска   катышууга арызы;
  • өзүнүн  резюмеси;
  • паспортунун  же  өздүгүн  аныктоочу  документинин  көчүрмөсү;
  • билими  жөнүндө  документтеринин  көчүрмөсү.

Мындан  башка, талапкерди  сунуштаган  каттарды  кошуп койсо  болот.

Документтердин  толук тизмеси  кулактандыруу  жарыяланган   күндөн  тартып 30 күндүн mahabat.tilegenova @gmail.com  электрондук  дарек аркылуу  же  КР  Билим  берүү  жана илим Министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш.,  К.Тыныстанов көчөсү, 257,  311 -каб.

Кошумча  маалымат  алуу  үчүн  байланыш  телефону: 0 (312) 620487

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар