Ноокат райондук билим берүү бөлүмү ачык конкурс жарыялайт

31 Январь 2024 ж.

Ноокат райондук билим  берүү бөлүмү административдик мамлекеттик кенже (жетектөөчү адис) кызмат ордуна кызматкерди тандоо максатында 2024-жылдын 1-февралынан тартып,  2024-жылдын 10-февралына чейин ачык конкурс жарыялайт.

 

                          Кесиптик билим деңгээли:

1. билими:

- педагогикалык жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажы боюнча талаптар коюлбайт

3. Жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

3.   Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

7.   Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;

8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;

9.  Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

11. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы

4.    Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүүсү керек:

1) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы

2)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

3)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” жөнүндө токтому

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү тууралуу” №393 токтому;

5)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

6) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому ;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.

 

Билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

    -компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды

      колдоно билүү.

3        Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал

- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

     - соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

4.    Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Ноокат району, Ноокат шаары, Ленин көчөсү 19. Ноокат райондук билим берүү бөлүмү

Сурап билүү телефон номери 0779 10 70 04

Кабыл алуу мөөнөтү:  2024-жылдын 1-февралынан тартып 2024-жылдын 10-февралы саат 17.30 га чейин. 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар