КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН 6 МАМЛЕКЕТТИК СТИПЕНДИЯ БӨЛҮНДҮ

29 Декабрь 2023 ж.

2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2024-2025-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча  6 мамлекеттик стипендия бөлүндү (ведомстволор аралык Макулдашуу боюнча).

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;
  2. Загранпаспортунун көчүрмөсү (2025-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек);
  3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;
  4. Кытай же англис тилинде окуу планы (study plan), 200 сөздөн кем эмес.
  5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган  күбөлүгү (HSK), сөзсүз түрдө 3 деңгээлден төмөн болбошу керек;
  6. Окуу жайы тарабынан берилген эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);
  7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
  8. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  9. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;
  10. Соттолбогондугу боюнча аныктама.

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;
  2. Паспортунун көчүрмөсү (2025-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек);
  3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн диплому же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;
  4. Кытай же англис тилиндеги изилдоо планы (research proposal), магистранттар үчүн - 500 сөздон кем эмес, докторанттар үчүн - кеминде 800 сөздон кем эмес болушу зарыл.
  5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө 5 деңгээлден төмөн болбошу керек);
  6. Окуу жайы же жумушу тарабынан эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);
  7. Университеттерден жана профессорлордон алдын ала чакыруу/кабыл алуу каты (Кытай тараптын талаптарына ылайык, магистратурага жана докторантурага тапшырган жана университеттерден жана профессорлордон алдын ала чакыруу/кабыл алуу катын алган талапкерлер Кытай өкмөтүнүн стипендиясын алууда артыкчылыкка ээ болушат);
  8. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
  9. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  10. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;
  11. Соттолбогондугу боюнча аныктама.

Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

 - “Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу

-  “Бакалавр” программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;

-  “Магистратура” программасы боюнча - 35 жашка чейин;

- “Докторанттар” программасы боюнча - 40 жашка чейинкилер болушу керек.

  1. Талапкерлерди каттоо жана документтерди тапшыруу

Стипендия программасына катышуу үчүн, талапкерлер https://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, “Конкурстар” ---> “КЭР  Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2024-жылдын 31-январынын саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

  1. Техникалык текшерүү

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин (2024-жылдын 31 январынын саат 23:59да) бардык берилген өтүнмөлөр талаптарга шайкештигине жараша (бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган 6 талапкерден турган жалпы тизме түзүлөт, мында бардык 6 талапкер бирдей деңгээлде стипендия алууга талапкер болушат.

  1. Сунушталган талапкерлердин тизмесин Кытай тарапка жөнөтүү

Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп,  кытай тарабына акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru  электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз !!!

ИНСТРУКЦИЯ

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар