КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

2 Октябрь 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар:

  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;

  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

  3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы;

Окуу жайдын жетекчиси төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү, билим берүү уюмдарынын билим берүү, илимий, өндүрүштүк-чарбалык жана финансы-экономикалык ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылары;

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;

  • билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун;

  • башталгыч кесиптик билим берүү жаатында чет өлкөлүк билим берүү мекемелерин илимий жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларын;

Башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттери:

  1. Билим берүү уюмунун уставына, мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүү уюмунун билим берүү (окуу-тарбиялоо) жана административдик-чарбалык (өндүрүштүк) ишин камсыз кылат;

  2. мамлекеттик муниципалдык, коомдук жана башка органдарда, мекемелерде билим берүү уюмунун атынан чыгат, алар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну камсыз кылат;

  3. билим берүү уюмун жана анын кызматтарын коомдук маркетинг жана талдоонун заманбап ыкмаларын колдонуу менен уюмду алдыга жылдырат;

  4. билим берүү уюмунун өнүгүү стратегиясын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт, анын ишин программалык пландаштырууну жүргүзөт жана уюмдун ар кандай программаларга жана долбоорлорго катышуусу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

  5. билим берүү уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишин пландаштырат, координациялайт жана контролдойт;

  6. билим берүү уюмунун финансылык, билим берүү ишине жана эмгек мамилелерине тиешелүү локалдуу ченемдик актыларын кабыл алат;

  7. башкарууну рационалдаштырууну, камкорчулук кеңештеринин, билим берүү уюмун башкарууга окуп жаткан кызматкерлердин катышуусун, аны өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу боюнча чараларды ишке ашырууну уюштурат жана координациялайт;

  8. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бюджеттик каражаттарды бөлүштүрөт, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат;

  9. билим берүү уюмунун уставына ылайык кадрдык, административдик, финансылык, чарбалык жана башка маселелерди чечет;

  10. эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келген шартта, эмгек коопсуздугун жана ыңгайларын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

  11. билим берүү уюмун квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, алардын квалификациясын жогорулатуу жана билим берүү уюмунда кадрлар резервин түзүү боюнча чараларды көрөт;

  12. кызматкерлердин сапаттуу эмгекке умтулуусун жогорулатуу, анын ичинде аларды материалдык стимулдаштыруунун негизинде иш-чараларды ишке ашырууну уюштурат жана координациялайт;

  13. окуучулардын контингентин түзүү жана сактоо боюнча чараларды көрөт;

  14. билим берүү процессинин коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү уюмунда окуп жаткандардын жана кызматкерлердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча чараларды көрөт;

  15. билим берүү уюмунда кадрларды даярдоонун сапатын жана аны баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

  16. жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү стандарттарын сактоо жана аткаруу;

  17. жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү стандарттарын сактоо жана аткаруу боюнча чараларды көрөт;

  18. окуу-материалдык базаны эсепке алууну, сактоону жана толуктоону, санитардык-гигиеналык режимдин, эмгекти коргоонун жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону, документтердин эсебин алууну жана сактоону, билим берүү уюмунун уставында каралган ишти жүзөгө ашыруу үчүн кошумча финансылык жана материалдык каражаттардын булактарын тартууну камсыз кылат;

  19. окутуунун сапаты жана натыйжасы, анын ичинде бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу, таштап кетүү, ишке орноштуруу көрсөткүчтөрү үчүн жоопкерчилик тартат;билим берүү уюмунун кызматкерлеринин эмгек акысын өз убагында төлөө үчүн жоопкерчилик тартат;

  20. финансылык жана материалдык каражаттардын келип түшүшү, чыгымдалышы жөнүндө квартал сайын отчет жана бүтүндөй билим берүү уюмунун иши жөнүндө мекеменин түзүүчүсүнө ар жылдык ачык отчет берет.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;

  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;

  3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);

  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);

  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарапбынан);

  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;

  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.

  10. Дело №.


Документтерди кабыл алуу башталган күн: 3-октябрь 2023-жыл.
 

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү:

2023-жылдын 16-октябрынын саат 18.00 убактысына чейин.

 

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219.

Сурап-билүү телефондору: 0312 62-05-09.

Тиркеме

Нарын шаарындагы № 87 Кесиптик лицейи;
Бишкек шаарындагы № 4 Кесиптик лицейи;
Бишкек шаарындагы № 94 Кесиптик лицейи;
Бишкек шаарындагы № 97 Кесиптик лицейи;
Бишкек шаарындагы «Анадолу» Кыргыз-Түрк Кесиптик кыздар лицейи

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар